Бишкекте тез жардам дарыгерлери айлыктан улам иштен кетип, 89 орун бош турат

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Министрдин айтмында, Бишкекте тез жардам дарыгерлеринин айлык маянасы богону 5 миң сом. Мындан улам жумушун таштап кеткендер көп.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектеги Тез жардам станциясында 89 бош орун бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Негизинен медиктер айлыктын айынан иштен кетип жатышат. Болгону 5 миң сом алышат. Өкмөт июль айынан баштап дарыгерлердин айлыгын 40 пайызга көтөрүп жатат. Биз дагы жогорулатып берүүнү пландоодобуз", — деди Бейшеналиев.
Министрдин айтымында, бул жылдан тарта ведомство Кыргызстандагы бардык медициналык ЖОЖдордо клиникалык ординатор жана Тез жардам кызматынын дарыгерлерин даярдоого орун бөлүүдө.
"Азыркы бош орундарды клиникалык ординатор, жаш дарыгерлер менен толуктайбыз", — деди министр.
Мындан тышкары, Бейшеналиев ак халатчандардын айлыгын көтөрүү боюнча маселени президент менен өкмөттүн алдында дагы айтканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0