Министр КРде COVID-19га каршы вакцина акы төлөгөн учурда канча турарын айтты

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Бейшеналиев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айрым фирмаларга коронавируска каршы акы төлөнүүчү вакцина саюуга уруксат берерин билдирди.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавируска каршы акы төлөп алынчу вакцинанын баасы Кыргызстанда элге жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Мамлекет кылып жаткан иштердин бардыгы акысыз. Бирок акча төлөп вакцина алууну каалагандар үчүн мындай кызматтарды сунуштагысы келген фармацевтикалык компаниялар бар. Айрымдарына мүмкүнчүлүк беребиз, бирок баалар элге жеткиликтүү болушун тыкыр көзөмөлдөйбүз. "Спутник V" вакцинасынын ар бир дозасы 8-10 доллардын тегерегинде (бир адамга зарыл болгон эки доза 16 доллар) болот. Анткен менен алып келген фирмалар өз кызматын жана ташып келүү акысын дагы кошот деп ойлойм", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал Кытай вакцинасынын наркы арзаныраак экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0