Тамчыга Россиянын эки шаарынан жаңы авиакаттамдар ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы аэропортунда учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив
Тамчы аэропортунда учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Россия тарап менен жай айларында Екатеринбург калаасынан Бишкекке жана Ошко каттамдарды көбөйтүү макулдашылганы кабарланды.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 20-марттан тарта Россиянын эки шаарынан "Тамчыга" жаңы авиакаттамдар жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Каттамдар Москва жана Екатеринбург шаарларынан жасалат. Ысык-Көлдөгү "Тамчы" эл аралык аэропортуна Москвадан алгачкы чартердик каттам 20-мартта келет. Ал эми 21-мартта Екатеринбургдан келип конот. Жүргүнчүлөрдү Airbus лайнери ташый турганы айтылды. 
Бул аба каттамдардын ачылышы  облустун 2021-жылдагы туристтик тармагын камсыздоого чоң салым кошору билдирүүдө белгиленген.
"Уральские авиалинии" авиакомпаниясы менен макулдашууга ылайык, Екатеринбург — Тамчы багыты боюнча сезондук аба байланыштар ачылат. Ошондой эле жай айларында аталган шаардан Бишкекке жана Ошко каттамдарды көбөйтүү боюнча макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
Жакында "Манас" аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев жеке өзү Ысык-Көлдөгү аэропорттун Россиядан келүүчү учактарды кабыл алууга даярдыгын текшерип чыкканы айтылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0