Бизди коомчулук алдында сындабагылачы. Мектеп директору министрликке кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский. Архив
Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Директор ЖМКларга маалымат чыккандан кийин мектепке келип өздөрү окуткан балдардын, мугалимдердин алдында ыңгайсыз абалга кабыларын айткан.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мектеп директорлорун коомчулуктун алдында сындап, басынтууну токтотуңуздарчы. Мындай кайрылуусун Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский билдирди.
Ал коомдо "баарына директор күнөөлүү" деген түшүнүк калыптанса билим берүүнүн сапатына терс таасир эте турганын айтат.
"Өзүбүздүн Билим берүү министрлиги ишинин биринчи күнүндө мектеп директорлорун "тигиндей-мындай" деп сындап, күнөөлөп баштайт. Андан көрө чакырып алып сындап, тилдеп, сөгүш берсеңиздер болот. Ал эми коомчулукка чыгаруу азырынча эрте. Окуучулар эгер директор жаман, мектеп жаман болсо эмнеге мен окуйм деп айтат. Бизди коргоп алышыңыздарды, сый мамиле кылышыңыздарды өтүнөм. Мындайды токтотуу зарыл  же бир чеги болушу керек. Себеби ЖМКларга маалымат чыккандан кийин мектепке келип балдардын, мугалимдердин көзүнө кароо өтө кыйын", — деди мектеп директору.
Ал эми Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев маселенин баары акча чогултуудан чыгып жатканын айтты.
Биринчи вице-премьер Артём Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Новиков мугалимдерге: көйгөйдү ачык айткыла, кодулагандар иштен алынат
"Мектеп директорлору ата-энелерден акча жыйноону жөнгө сала албасаңыздар, чогултпай эле коюңуздар дейт элем. Бир класста 30 бала болсо, 10унун ата-энеси бербейм деп чыгат. Ошентип нааразычылыктар чыгат, иш козголот, анан министрлик директорду кантип коргоп алат? Ата-энелер да белек-бечкек берип жатып мугалимдерди бузду. Анан мен да ушул жерде ачык айтып коёюн прокуратурадан, УКМКдан келип тигил же бул баланы мектепке киргизүүнү сурайт. Биз агартуу эмес эле сурануу министри болуп калдык", — деди Үсөналиев.
Бул сааттарда биринчи вице-премьер Артём Новиков Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимдердин катышуусу менен мектеп көйгөйлөрүн талкуулап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0