Жакында Кыргызстанга Россиянын "Спутник V" вакцинасы алып келинет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын вакцинасы Спутник V жүгү. Архив
Россиянын вакцинасы Спутник V жүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Министр Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдө Россия, Кытай жана башка мамлекеттердин вакциналары пайдаланылышы мүмкүн экенин айтты.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстанга бир нече этап менен коронавируска каршы Россиянын "Спутник V" вакцинасы келе баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапары учурунда Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр болуп, алар бизге гуманитардык жардам иретинде 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын бермей болушкан. Азыр алып келүү жолдору талкууланып жатат. Жакында бир нече этап менен препараттар жеткирилет", — деди министр.
Мындан тышкары, ал Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдө Россия, Кытай жана башка мамлекеттердин вакциналары пайдаланылышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0