Оору 98 кишиден чыкты, каза тапкандар жок. Коронавирус статистикасы

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкерлери жана ооруканада жаткан бейтап. Архив
Медицина кызматкерлери жана ооруканада жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Илдетти жуктургандар мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп. Учурда стационарда 347 бейтап дарыланууда.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 98 кишиден коронавирус аныкталып, 51 бейтап айыкты, көз жумгандар жок. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору жаңы аныкталган жерлер: 
  • Бишкек — 49;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 36;
  • Ош облусу — 4;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 6.
Оорулуулардын жалпы саны 87 143.
Ооруну жеңгендер төмөнкү жактарда катталды:
  • Бишкек — 24;
  • Чүй облусу — 17;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
Айыккандардын жалпы саны 84 031ге жетти.
Бир сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Учурда стационарда 347 бейтап дарыланууда. Анын ичинен бир адамдын абалы канааттандырарлык, 244ү орточо, 85и оор жана 17си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 337 бейтап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0