2021-жылы кыргызстандыктар кайсы мааракелерди белгилейт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүн белгилөө. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүн белгилөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Өкмөт быйыл белгилене турган мааракелердин тизмесин жарыялады. Бирок улуттук деңгээлдеги иш-чаралардын гана каржы булактары айтылды.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленчү мааракелердин тизмесин бекитти.
Улуттук деңгээлдеги иш-чаралар:
  • Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы. Ишке тартылган министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат;
  • Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы. Бул иш-чара дагы жогоруда айтылган булактардан каржыланат.
Юбилейлик иш-чаралардын тизмеси:
  • Академик, лингвист, лексикограф жана лексиколог, түрколог, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы;
  • Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, журналист, профессор Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы;
  • Кыргыз ССРинин эл акыны, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы;
  • Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасынын орун басары Сакин Бегматованын 100 жылдыгы;
  • Төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы;
  • КР эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы;
  • КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Ильяс Ботбаевдин 90 жылдыгы;
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы;
  • КР эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматовдун 80 жылдыгы;
  • СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы.
Жаңылыктар түрмөгү
0