Талас театрындагы коррупциялык иштер боюнча тергөө башталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТалас шаары. Архив
Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда сатып алынган музыкалык аппаратуранын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Таластагы облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына аппаратура сатып алууда документте 10 миллион сом ашык көрсөтүлгөндүктөн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул туурасында УКМКнын сайтында кабарланган.
Маданият кызматкерлери көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убадалады
Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жогору кызмат адамдары мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу Талас облустук музыкалык драма театрына, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан акты менен кабыл алынып, жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратура сатып алышкан.
"Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда сатып алынган музыкалык аппаратуранын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0