Айдоочулар бензинди кантип үнөмдөсө болот. Эксперттен 7 кеңеш

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүУнаанын салону. Архив
Унаанын салону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, автоунааны өтө жай же тез айдаганда май үнөмдөлбөй эле коройт. Ошондой эле катуу баратып дароо тормоз басуу дагы бензинди көп "ичет".
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Айдоочулар бензинди кантип үнөмдөсө болорун РИА Новости автокөлүктөрдү алууга жана сатууга, насыя менен камсыздандырууну жол-жоболоштурууга жардам берген "СберАвто" мобилдик тиркемесинин адистеринен кеңеш алып жазды.
Алгач бара турчу жерге ыңгайлуу жолду тандап алып, "тыгында" туруп калбаганга аракет кылыш керек.
Бензиндин сарпталышы машинанын ылдамдыгынан да көз каранды. Өтө жай же тез айдаганда май үнөмдөлбөй эле коройт. Ошондой эле катуу баратып дароо тормоз басуу дагы бензинди "ичет".
Автосалонда киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жаңы автоунаа сатып алууда айдоочулар беш нерсени эске алышы керек
Автоунааны маалы менен техникалык тейлөөдөн өткөрүп туруу керек. Бөтөнчө кыймылдаткычтары, трансмиссиясы менен жүрүүчү бөлүгү бензиндин чыгашасына таасирин тийгизет. Маселен, кир толгон чыпка (фильтр) колдонуу майдын үнөмдөлүшүн 20 пайызга азайтат.
Ошондой эле бензиндин сапатына көңүл буруу керек. Арзандары, биринчиден, чөнтөктү калыңдатып деле жибербейт, экинчиден, унааны бузат.
Айдоочу автокөлүгүнүн массасына көңүл буруусу керек. Анда канчалык ашыкча жүк болсо, ошончолук көп май коройт.
Зарылчылык болбосо кондиционерди күйгүзбөй эле коюңуз, ага дагы май кетет.
Мындан сырткары, айдоочулар газга өтүүнү ойлонуп көрсө болот. Бул ыкма бир топ үнөмдүү жана экологиялык жактан таза болуп эсептелет, бирок машинаны кайра жабдуу кымбатка турушу ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0