Эртең Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө жарык өчөт. График

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын жакасындагы жаңы конуш. Архив
Бишкек шаарынын жакасындагы жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштери жүргүзүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактары шаршемби күнү, 17-мартта, жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:30дан 14:00гө чейин — "Касым" конушунда, Кайназарова жана Кубаныч көчөлөрүндө;
  • 9:30дан 15:30га чейин — Малдыбаев жана Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Саманчин, Малдыбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Месарош көчөсүндөгү №76Б үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Ялтинский, Пархоменко, Садовой, Муса Жалил, Сельсоветский, Абдраев, Патрис Лумумба, Профсоюзный, Кустанай, Серпуховский, Месарош, Ильменский, Лев Толстой, Термечиков, Маликов, Совхозная, Захарьев, Алыбаев, Гагарин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Чугуевский туюк көчөсүндө;
  • 9:30дан 18:30га чейин —Федоров, Малинова, Күрөңкеев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Эркиндик проспектинде жана Мирный туюк көчөсүндө;
  • 9:40дан 17:00гө чейин — Акылбеков, Кишиневский, Удмуртская, Курманалиев, Достоевский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Чүй проспектисинде;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Малдыбаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0