UNICEF ЖМКларды Ирактан алып келинген балдардын жеке жашоосун сыйлоого чакырды

© Фото / пресс-служба МИД КРИрактан Бишкекке кайтарылган балдар
Ирактан Бишкекке кайтарылган балдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду өкмөттүн куралдуу конфликт аймагындагы балдарды мекенине кайтаруу чечимин колдой турганын айтты.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. БУУнун Балдар фондунун (UNICEF) өкүлү Кристиан Жольм Ирактан Кыргызстанга кайтарылган балдар куугунтукка жана дискриминацияга кабылбашы үчүн ЖМКларды алардын жеке жашоосуна сый-урмат менен мамиле кылууга чакырганын эл аралык уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн гуманитардык "Мээрим" миссиясынын алкагында Ирактан 79 бала Кыргызстанга алып келинди.
Жольм UNICEF КР өкмөтүнүн балдар укугу боюнча конвенциядагы милдеттерин аткарып жаткандыгын жана балдардын үй-бүлөгө кыска убакта реинтеграцияланышына көмөктөшкөнүн жогору баалай турганын белгилеген.
"Мунун ичине балдарды үй-бүлөсүнө тез арада кайтаруу, алардын кадимки жашоого кайтып келиши үчүн билим алууга бирдей шарт түзүп берүү кирет", - деп билдирген Жольм.
БУУнун Балдар фондунан өкмөттүн бул гуманитардык операциясын колдой турганын жана мындан ары дагы колдоого аларын белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0