Кыргызстанда кайрадан карантин киргизилеби? Министрдин жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМедик блокпостто турган учурда. Архив
Медик блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Аткаминердин айтымында, эгер оору жуктургандар көбөйүп кете турган болсо, мектеп менен бала бакчалар жабылып, массалык иш-чараларга тыюу салынат.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эгер коронавируска байланышкан абал начарласа чектөө киргизилиши мүмкүн экенин айтты.
Буга чейин анын орун басары Нурболот Үсөнбаев "Марал" радиосуна маек куруп жатып, эгер эл санитардык нормаларды сактабаса жана оорулуулардын саны көбөйсө чектөөлөр киргизилиши ыктымал экенин билдирген. Расмий статистикага ылайык, бир суткада илдет жуктургандардын саны жүздөн ашкан жок, бирок төртүнчү күн катары менен дартты илештирип алгандар айыккандардан кыйла көп болуп жатат.
Өлүккананын кызматкери COVID-19дан каза болгон киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Вирусту 73 адам жуктуруп, Чүйдө бир киши көз жумду. COVID боюнча статистика
Министр Sputnik агенттигинин кабарчысына жооп берип жатып учурда абал көзөмөлдө экенин айтты. Бейтаптардын саны Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө көбөйүүдө.
Бейшеналиев жуктургандардын санынын өсүшүнө авиакаттамдардын жанданышы себеп экенин, анткени эпидемиологиялык кырдаал анча жакшы эмес өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар бар экенин белгиледи.
"Көз салып турабыз, эгер ооругандар көбөйсө чара көрөбүз. Окумуштуулар 100 миң адамга туура келчү учурду санайт. Азыркы тапта статистика анчалык кооптуу эмес", — деди ал.
Министрдин айтымында, эгер оору жуктургандар көбөйүп кете турган болсо, мектеп менен бала бакчалар жабылып, массалык иш-чараларга тыюу салынат.
Флакон с вакциной AstraZeneca - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Тромб пайда кылат. AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтоткон өлкөлөр көбөйдү
"Башкача айтканда, былтыркы жылдын күз айларындагы чектөөлөргө кайтышыбыз мүмкүн. Мисалы, кафе-ресторандарда 50дөн ашпаган киши отурушу керек. Бизнестин ишин толук токтотуп коё албайбыз. Өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо боюнча сөз жок, бирок баарын убакыт көрсөтөт", — деди Бейшеналиев.
Бүгүн өлкө аймагында 73 адамдан коронавирус аныкталган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 6,6 миллион адам жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0