Жапаров менен жолуккан РФтин агартуу министри "Артекке" 150 сертификат белек кылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссиянын агартуу министри Сергей Кравцов
Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгын талкуулашты.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды
Встреча президента Садыра Жапарова и министра просвещения России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Президент Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды
Жапаров Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Россиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашуулар жетишилгендигин белгиледи.
Ошондой эле ал ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында мектеп куруу боюнча Россия тараптын жардамын колдоорун билдирди.
"Кыргызстанда орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу планы иштелип чыкты. Бул план жалпы билим берүүчү мектептерди түзүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну тездетет", — деди Жапаров.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жапаров менен Путин видео көпүрө аркылуу Жер-Үй кенин ачышат
Сергей Кравцов Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин айтты.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровго эл аралык "Артек" балдар борборуна балдар үчүн 150 орундук жолдомо тапшырды.
Жапаров эки мамлекеттин билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыгы мындан ары да улантыларына үмүт артып, президент Владимир Путинге өлкөнүн билим берүү системасын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0