COVID эки адамдын өмүрүн алып, 67 кишиге илешти. Акыркы маалымат

© AFP / DIMITAR DILKOFFОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Оору жуктуруп алгандар мурдагыдай эле Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп. Эң аз Ош шаары менен Жалал-Абад облусунда катталды.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Коронавирусту бир суткада 67 адам жуктуруп, 27 киши сакайды жана эки киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ооруну жуктургандар:
  • Бишкек — 43;
  • Ош — 3;
  • Чүй облусу — 16;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
Пандемиядан бери 86 917 киши оору илештирди.
COVID-19 илдетинен сакайгандар:
  • Бишкек — 10;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ош облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Баткен облусу — 2.
Жалпы ооруну жеңгендер 83 836 болду.
COVID-19 илдетинен көз жумган эки киши Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирустан каза тапкандар ушуну менен 1 483кө жетти.
Учурда стационарда 345 бейтап дарыланууда. Бир адамдын абалы канааттандырарлык, 236сы орто, 91и оор жана 17си өтө оор абалда.
Жаңылыктар түрмөгү
0