Ден соолукту билгизбей талкалоочу үч адат аталды

© Pixabay/ congerdesign Чай. Архив
Чай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Изилдөөнүн автору тамактан кийин чай ичүүдөн баш тартууну да сунуштаган. Анын айтымында, аталган суусундуктун бардык түрү айрым азыктандыруучу заттар менен минералдардын сиңүүсүн кыйындатат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Wirtualna Polska аттуу польшалык портал адамдын ден соолугуна залакасын тийгизе турчу үч адат тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, тоё тамактанып алгандан кийин эч убакта дароо жатып, уктабаш керек. Бул тамак сиңирүү процессин бузат. Ошондой эле тамакка тоюп алып уктаганда ич катып, көбүшү мүмкүн.
Кроватта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Уйку таттуу болушу үчүн эмне кылуу керек. Окумуштуулардын кеңеши
Изилдөөнүн автору тамактан кийин чай ичүүдөн да баш тартууну сунуштаган. Анын айтымында, аталган суусундуктун бардык түрү айрым азыктандыруучу заттар менен минералдардын сиңүүсүн кыйындатат. Каны аз адамдар чайды көп ичкенде организми темирди жакшы сиңире албай турганы маалым болду. Мындан сырткары, бул суусундук белок менен майлардын сиңүү процессине да терс таасирин тийгизет.
Адистер тамактан кийин дароо спорт менен машыгууга да тыюу салышкан. Макалада жазылгандай, тамактангандан кийин дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганда ашказанга күч келет. Жалпылап айтканда, тамак сиңирүү системасынын иштөөсүн бузат.
Жаңылыктар түрмөгү
0