Коронавирустан айыккандар эмнесин текшертиши керек. Маанилүү кеңештер

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүБейтаптын канын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив
Бейтаптын канын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Адис бир катар анализдерди тапшыргандан сырткары организмдеги коронавирустун антителосунун деңгээлин текшертүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. COVID-19 оорусун жуктуруп айыккандар организмине байкоо салып, бир нече анализ тапшырышы керек. Бул тууралуу РИА Новости "Хеликс" лабораториялык кызматынын директору Дмитрий Денисовго таянып билдирди.
Эксперт коронавирусту оор көтөргөндөр гана эмес, жеңил өткөргөндөр менен үйдө дарылангандар да текшерилиши зарыл экенин белгилеген. Бөтөнчө COVID-19 көп жабырката турчу органдарга көңүл буруу керек.
"Жалпы канга, С-реактивдүү белогуна жана ферритинге анализ тапшыруу керек. Кандын уюшун, боорду, бөйрөктү, миокарддын абалын текшертүү абзел. Ушулар негизинен ден соолуктун жалпы абалын билдирип, аз кандуулук, кан уюп калуу жана сезгенүүлөрдү алдына алууга жардам берет. Ал эми Д витамини менен лактаттын деңгээлин текшерип, кычкылтек жетишсиздигин билүүгө болот", — деген адис.
Денисов, ошондой эле, организмдеги коронавирустун антителосунун деңгээлин текшертүүнү сунуштады. Ал иммундук жооп менен вакцина алуунун же андан баш тартуунун зарылдыгын көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0