Орозо быйыл Кыргызстанда 13 же 14-апрелге туш келет

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүОоз ачуу. Архив
Ооз ачуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Муфтият орозонун так датасы Рамазан айына жакын калганда айтыларын белгиледи. Былтыр кыргызстандыктар 24-апрелден тарта ооз бекиткен.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Быйылкы орозо 13 же 14-апрелге туш келери болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2019
Мал союлбайт! Орозо айтты туура өткөрүүнүн жол-жобосу
Рамазан айы Ай жаңыргандан тарта башталат. Себеби ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат. Мисалы, былтыр кыргызстандыктар 24-апрелден тарта ооз бекиткен. Бул 2019-жылга караганда орозо 11 күн эрте башталды дегенди билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0