Элчи РФ президентинин атайын өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселе

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМероприятия в пресс-центрах для неаккредитованных журналистов Кубка Конфедераций - 2017
Мероприятия в пресс-центрах для неаккредитованных журналистов Кубка Конфедераций - 2017 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Эриш-аркак жылынын жабылуу аземи 2021-жылдын күз айына пландалган. Ага Россиянын чыгармачыл топтору, маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү катышары айтылды.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кечээ, 12-мартта, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтыгы боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар президенттердин келишимдерин ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына карата 200гө чукул иш-чара өткөрүү боюнча сүйлөшүштү. Анын ичинде КРде Россиянын алдыңкы коллективдеринин концерттик турларын уюштуруу тууралуу кеп болду.
"Эриш-аркак жылынын жабылуу аземи 2021-жылдын күз айына пландалган. Ага Россиянын чыгармачыл топтору, маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү катышат", — деп жазылган маалыматта.
Элчи эриш-аркак жылынын жабылуу аземиндеги концерттик программага белгилүү композитор Дмитрий Шостаковичтин чыгармаларын киргизүүнү өтүнгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0