Россиядагы элчилик кыргыз мигранттарына паспорт тууралуу кайрылуу жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековОбразец старого паспорта гражданина КР
Образец старого паспорта гражданина КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Россиянын аймагында 10 мекемеден паспорттордун мөөнөтүн узартуу боюнча атайын белги бастырып же маалым каттарды алууга болот.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттордун жана 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттордун мөөнөтү ушул жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилигинен кабарлашты.
Аталган документтердин жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 31-августуна чейин аяктайт. Андыктан Россияда жүргөн жарандар документине жарактуу мезгилин узартуу белгисин бастырып же маалым кат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот:
  • КРдин Москвадагы элчилиги: Большая Ордынка көчөсү, 64 (Добрынинская, Полянка, Третьяковская метро станциялары);
  • КРдин Екатеринбургдагы генералдык консулдугу: Щорс көчөсү, 54а, офис 5;
  • КРдин Новосибирскидеги генералдык консулдугу: Крылов көчөсү, 64/1;
  • Владивостоктогу элчилик бөлүмү: Алеутская көчөсү, 15в, офис 402;
  • Иркутскидеги элчилик бөлүмү, Декабрьских событий көчөсү, 107а;
  • Красноярскиде: Мир проспектиси, 132;
  • Санкт-Петербургда: Чехов көчөсү, 14б;
  • Сургутта: Югорский тракт көчөсү, 1;
  • Түштүк-Сахалинскиде: Мир проспектиси, 2б/5 (экинчи кабат);
  • Якутскиде: Ленин проспектиси, 58.
Паспортту кайра алуу боюнча документтерди кабыл алуу мурдагыдай эле тартипте жүргүзүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0