Бир суткада коронавирустан төрт киши каза тапты. Оору жуктургандар көп

© AFP / JOHANNES EISELEМедицина кызматкерлери коронавирустан каза тапкан киши менен. Архив
Медицина кызматкерлери коронавирустан каза тапкан киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Кечээтен бери айыккандарга караганда жуктургандар көбүрөөк катталган. Илдет Бишкекте бир медиктен табылганы айтылды.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 63 кишиден табылып, төрт бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлүм учуру өлкөнүн төрт аймагында катталган. Бишкек шаарында бир, Чүйдө бир, Жалал-Абад облусунда бир жана Ысык-Көлдө бир бейтап акка моюн сунган. Буларды кошкондо коронавирус жалпы 1 480 адамдын өмүрүн алды.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 31;
  • Ош – 1;
  • Чүй облусу – 18;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2.
КРде коронавирус пандемиясы башталгандан бери COVID жалпы 86 755 адамдан аныкталды.
Айыккандар:
  • Бишкек – 18;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 6;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 2.
Бир сутка ичинде 48 бейтап ооруну жеңип, айыккандардын саны 83 766 болду.
Азыркы тапта ооруканада 312 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 78инин абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери Бишкекте бир медиктен вирус табылганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0