КРде кургак учукту үй шартында дарылаган медиктерге кошумча акы төлөнөт

© AP Photo / Ng Han GuanМедициналык кызматкер рентген сүрөтүнө көрсөтүп жатат. Архив
Медициналык кызматкер рентген сүрөтүнө көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Жаңы жуктуруп алган кургак учукту дарылоого 12 миң сом, дары-дармекке туруктуу болуп калган илдетти жеңүүгө 24 миң сом каралган.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учукка кабылган адамды амбулатордук шартта толугу менен дарылаган дарыгердин айлыгына кошумча акы төлөнөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Айлыкка кошула турган акчанын көлөмүн оорунун формасына жараша аталган фонд аныктайт.
Жаңы жуктуруп алган кургак учукту дарылоого 12 миң сом, дары-дармекке туруктуу болуп калган илдетти жеңүүгө 24 миң сом каралган. Мындай кошумча айлык диагноз коюлгандан тарта толугу менен сакайганга чейин оорулууга көз салган медиктерге берилет.
Жогорудагы сумма медициналык кызматкерлерге төмөнкүчө бөлүнөт:
  • оорукана жетекчилиги – 1 пайыз;
  • орун басарлар – 1 пайыз;
  • райондук фтизиатр – 10 пайыз;
  • кургак учукка каршы кабинеттин медайымы – 7 пайыз;
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси – 3 пайыз;
  • үй-бүлөлүк дарыгер – 20 пайыз;
  • үй-бүлөлүк медайым же ФАП фельдшери – 55 пайыз;
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы медайымы — 3 пайыз.
Бул аракет 2017-2021-жылдар аралыгында кургак учукка каршы күрөшүү программасынын алкагында ишке ашканы турат.
2017-жылы мындай төлөмдөр алгачкы жолу кургак учукка кабылган адамды толугу менен дарылаган дарыгердин айлыгына кошула баштаары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0