Кара-Сууда 30дай киши тамакка ууланып, экөө каза болду. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш облусунун Кара-Суу районуна баруучу жолу. Архив
Ош облусунун Кара-Суу районуна баруучу жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Конокко баргандар салат жана палоо жеп, үй шартында жасалган компот ичишкен. Алар ууланган соң ооруканага барбай, үйдө эки күн дары ичип жүрө беришкени айтылды.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кара-Сууда туулган күнгө барган 30га жакын адам тамакка ууланып, алардын экөө каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, Нариман айылынын тургуну З.И. аттуу аял киши 6-март күнү 60 жылдык мааракесин белгилөө үчүн досторун жана туугандарын үйүнө чакырган.
"Чогулгандар салат жана палоо жеп, үй шартында жасалган компот ичишкен. Уулануунун биринчи белгилери эртеси байкалган. Бирок алар ооруканага кайрылбастан үйдө дары ичип коюп жүрө беришкен. 9-март күнү туулган күн ээси Нариман айылындагы ооруканага баргандан кийин ууланганы билинип диагноз коюлган. Ошондон кийин башкалар дагы ооруканага кайрылышкан", — деди Өмүрзаков.
Жабыркагандар ооруканага кеч кайрылгандыктан алардын экөө каза болуп калган.
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Аксыда ууланып көз жумгандар жакын туугандар болгон. Окуянын чоо-жайы
"Кара-Суу районунун Нариман айылындагы ооруканада жаткан 50 жаштагы аял 10-март күнү каза болуп калды. Ал туулган күн өткөргөн аялдын келини болгон. Уулангандардын дагы бири Ош шаардык ооруканасында бүгүн көз жумду. Ал той ээсинин курбусу экени белгилүү болду. Экөө тең ооруканага кеч кайрылгандыктан дарты өтүшүп кеткен. Учурда 8 адам Кара-Суу районундагы, бир адам Нариман айылындагы ооруканада дарыланып жатат. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Мындан башка 14 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди башкы дарыгердин орун басары.
Тамак-аштын калдыгы калбагандыктан анализдер ууланган адамдардын канынан жана заарасынан алынганы айтылды. Атайын түзүлгөн комиссия туулган күн ээсинин үйүндөгү компотторду жок кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0