Бишкектен үйлөнүүгө үлгүргөн. Интерпол издеген киши Кыргызстандан кармалды

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASКол кармашып турган түгөйлөр. Архив
Кол кармашып турган түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Чет өлкөлүк адам Болгарияда ири өлчөмдө акчаны алдап алганы жана салык төлөөдөн качканы үчүн укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында Интерпол издеп жүргөн болгариялык киши кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
51 жаштагы К.Г. аттуу чет өлкөлүк адам быйылкы жылдын 4-мартында тартип коргоо органдарынын колуна түшкөн.
"Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты. Өз өлкөсүндө өтө ири өлчөмдө акчаны алдап алганы жана салык төлөөдөн качканы үчүн укук коргоо органдары анын изине түшкөн. Маалыматтарда кылмыш иши 2010-жылы жасалганы айтылат. Бирок 2018-жылдан тарта издеп башташкан. Учурда эл аралык издөөгө алган тарапка — Интерполдун Софиядагы Улуттук борбордук бюросуна (Болгария) кабарланды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган киши Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жашырынып жүргөн жана кыргызстандык аялга үйлөнүүгө да үлгүргөн.
Аны экстрадициялоо маселесин эми Башкы прокуратура чечмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0