Токмокто Ислам академиясы ачылат. Жапаров БАЭ фондунун жетекчилерин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды
Президент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Академиядан 200дөй студент билим алып, алардын 150сү магистратура жана докторантура программасы менен окуй турганы айтылды.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды
Президент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө канааттануусун билдирген.
Мамлекет башчы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө канааттануусун билдирген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мамлекет башчы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө канааттануусун билдирген.
1/2
Президент Садыр Жапаров БАЭнин Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды
2/2
Мамлекет башчы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө канааттануусун билдирген.
Мамлекет башчы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнө канааттануусун билдирген.
Ошондой эле ал акыркы мезгилде исламдын жаркын идеяларына жамынган ар кандай кыймылдар диний экстремизмге үгүттөп, чыныгы исламдын баалуулуктарына шек келтирип, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө коркунуч туудуруп жатканын баса белгилеген.
"Диний билимдин сапатын жогорулатуу жана кадрларды академиялык деңгээлде даярдоо жогоруда айтылгандай коркунучтарды алдын алууга жардам берет. Учурда Кыргызстан үчүн диний билим берүү актуалдуу маселе жана аны чечүү үчүн комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу талап кылынат. Токмок шаарына Ислам академиясын куруу долбоорун колдоп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем!" — деди Жапаров.
Аны менен катар мамлекет башчы бул долбоор Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү болоруна терең ишенерин билдирип, кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин айтты.
Курулуп жаткан мектептеги класс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
БАЭдеги фонд Кыргызстанга билим берүү комплексин курат
Фонддун жетекчиси Ислам академиясы үчүн Токмок шаарынан эки гектар жер бөлүнүп, Билим берүү жана илим министрлигинин балансына алынганын билдирген.
Ал жерден 200дөй студент билим алып, алардын 150сү магистратура жана докторантура программасы менен окушары болжолдонууда. Ошондой эле даярдоо курсу менен квалификацияны жогорулатуу курсуна 50 орун бөлүнгөн.
Диний сабактарды тереңдетип окутуу, ошол эле учурда светтик билим берүүгө багытталган программалар боюнча аралаш билим берүү каралууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0