Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Өлкөдө азыктын 4 түрүнүн баасы соода түйүндөрүндө гана турукташты. Себеби

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Март айында товар жеткирүүчүлөр, өңдүрүүчүлөр жана ири соода тармактарынын жетекчилери нан, кумшекер, биринчи сорттогу ун жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктардын наркын аныктоо, төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюшкан.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы азык-түлүк бааларын турукташтыруу боюнча келишим базарларга жана чакан соода түйүндөрүнө колдонулбайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева
Президент Ассоциации поставщиков КР Гульнара Ускенбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Азык-түлүк баалары, бизнести коргоо, вакцина, премьер-министр Мариповдун планы" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, орто бизнес биригүүгө анча кызыкдар эмес.
"Бир нече жылдан бери рынокто иштеген биздин мүчөлөр туруктуу өнүгүүнү каалашат жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн биригишет. Эгер базарларда баалар кымбаттаса, анда жарандар соода түйүндөрүнөн сатып ала алышат. Биз бааларды туруктуу кармоого өзүбүз аракет кылабыз. Бирок базарларда бул процессти көзөмөлдөө, тилекке каршы,  мүмкүн эмес. Албетте, биз абийирсиз ишкерлер менен иштешпегенге аракет кылабыз, деген менен бүгүнкү биздин кырдаалда мындайды көзөмөлгө алуу оорго турат", — деген Ускенбаева.
Шекер жана өсүмдүк майы дүкөндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Министрлик кумшекер менен майдын кымбаттаган себебин түшүндүрдү
Ал Товар жеткирүүчүлөр ассоциациясы мыйзам чегинде заманбап соода жүргүзүүнү колдоорун белгилейт.
Эскерте кетсек, март айынын башында товар жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана ири соода тармактарынын жетекчилери нан, кумшекер, биринчи сорттогу ун жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктардын наркын аныктоо, төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0