Ош шаарында "Мыкты мугалим" сынагынын жеңүүчүлөрүнө батир, автоунаа берилет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Мэрия шаардагы курулуш компанияларынын, базарлардын, кафелердин, дары сатуучу департамент ээлерин байгелерге демөөрчүлүк кылууга тарткан.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Ош шаарында "Мыкты мугалим — 2021" сынагы старт алды. Анын жеңүүчүлөрүнө батир, автоунаа берилет. Бул тууралуу вице-мэр Эмиль Шадыханов мектеп директорлору жана мугалимдер менен жолугушууда айтканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мугалимдерге сынактын шарттары түшүндүрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн берилүүчү сыйлыктардын сертификаттары Шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Садыр Жапаров канайым экөө өзгөчөлөнгөн айымдарды куттукташты. Сүрөт
Мэрия демөөрчүлөр менен биргеликте байгелүү төртүнчүгө чейинки орундарды ээлеген мугалимдерге батир, автоунаа, муздаткыч, компьютер, түстүү принтер, кир жуучу машина, чаң соргуч, үч адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо сыяктуу сыйлыктарды камдаган.
Мындан тышкары, сынакка катышкан мугалимдерге ноутбук, смартфондор дагы берилет.
Сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептин мугалимдери катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0