Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүү кирди. Ал дары-дармекке тиешелүү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДарыканада фармацевт. Архив
Дарыканада фармацевт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Өзгөртүү кирген мыйзам боюнча, мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөттүн чечими менен белгиленет.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.
Дары-дармек склады. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган
Анда дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуучу уюм аталган жабдууларды түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган. Бирок ал уюм өкмөт менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзүшү шарт. Ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдарды Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу гана ала алышат. Мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөттүн чечими менен белгиленери маалым болду.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0