CASA-1000 долбоору. Кыргызстанда электр түйүндөрүн куруу иштери башталды

© Sputnik / Андрей Сорокин / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Инфраструктуралык объектилерди КРге Түркиянын компаниясы кура турганы айтылды. Иш алгач Баткен облусунда башталып, кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улантылат.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда электр түйүндөрүн (ЛЭП) тартуу иштери башталды. Бул тууралуу "КРдин улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш алгач Баткен облусунда башталып, кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улантылат.
CASA-1000 — Кыргызстан менен Тажикстанды Афганистан менен Пакистанга электр тутумдары аркылуу байланыштырууга багытталган долбоор. Ошондой эле ал эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга арналган.
"Долбоордун алкагында керектүү электр тармактык ​​комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылууда. Жайында Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад электр ишканасынын кызматкерлери Эсен Осмонов жана Дастан Зыпар уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Ат жүрө албаган карлуу тоодо жөө иштеген Токтогулдун энергетиктери. Кызыктуу маек
Инфраструктуралык объектилерди эл аралык каржы корпорациясынын жардамы менен төрт мамлекетте тең долбоордун консультант уюму болуп, эл аралык тендер аркылуу тандалып алынган түкриялык компания курмакчы.
Долбоордун Кыргызстандагы курулуш иштерине Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион, Дүйнөлүк банк 45 миллион доллар жана Европанын инвестициялык банкы 70 миллион евро насыя түрүндө бөлүп берген. Калган чыгымды "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсы өзү көтөрөрү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0