Оштогу абактан качып, Россияда жашырынып жүргөн аял кайтарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген аял. Архив
Кишенделген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Абдан көп суммадагы акча алып, элди алдады деп күнөөлөнгөн аял түрмөдөн 2017-жылдын аягында качып кеткен.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россиянын Башкы прокуратурасы кыргыз тараптан түшкөн сурамдан улам Оштогу абактан качып кеткен аялды кайра Кыргызстанга кайтарып берди. Бул туурасында Россиянын аталган көзөмөл органынын "ВКонтакте" социалдык тармагындагы расмий баракчасында кабарланган.
Андагы маалыматка караганда, Ош шаардык соту З. А. аттуу аялды 2015-жылдын декабрында алдамчылык кылгандыгы үчүн эркинен ажыраткан. Кийинчерээк ал жазасын өтөбөй из жашырып кеткен.
"Күнөөлөнүп жаткан аялдын 2014-2015-жылдары өзүнүн өнөктөрү менен төрт адамдын ишенимине кирип, ар кыл жол менен алдап акча жана мүлктөрүнө ээлик кылганы такталды", — деп айтылат маалыматта.
2017-жылдын 25-январында З. А. Оштогу № 42 түзөтүү абагынан качып кеткен.
Аялдын кайда жүргөнү такталгандан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиядагы кесиптештерине күнөөлүүнү берүү туурасында өтүнүп, кат жиберген. Атайын кайтаруунун коштоосу менен кылмышкер Кыргызстанга кайтарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0