Согушту чек арадан тосуп алдык... Академик Розалия Дженчураеванын маеги

© Фото / из личного архива Розалии Дженчураевой Улуттук илимдер академиясынын академиги Розалия Джээнчураева
Улуттук илимдер академиясынын академиги Розалия Джээнчураева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда фашисттик баскынчылар менен адегенде эле чек арачылар бет келгени белгилүү факт. Ал эми ошол алааматта алардын үй-бүлөсү кандай азап-тозокко кабылганын көпчүлүк биле бербейт.
Чек арачылардын жакындары ушул согушта кандай кейиштүү күндөрдү башынан өткөргөнүн үч баланын апасы, жети неберенин чоң энеси, Улуттук илимдер академиясынын академиги Розалия Дженчураева айтып берди. Колумнист Алмаз Батилов менен маектешкен 86 жаштагы каарманыбыз советтик даңазалуу чек арачы жана жазуучу Джаманкул Дженчураевдин кызы.
— Атаңыз кандайча чек арачы болуп калганын жакшы билсеңиз керек?
— Атам 1907-жылы декабрда Пишпек уездинин Бурана болуштугунун Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси жалчылар экен. Эркек балдары улам чарчай берип, атамдын ысымын ырымдап Жаманкул деп коюшуптур (кийин орусча Джаманкул деп жазылып калган). Анын дагы эки эжеси менен карындашы бар эле. Атам бала кезинен билим алууну абдан көздөп, 1927-жылы орто мектепти бүтүрүп, Ташкент шаарындагы аскердик училищенин атчандар бөлүмүнө өтөт. 1929-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң жетекчилик аны Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Батыш Казакстандагы басмачылар менен күрөшүүгө жиберет. Үч жылдан ашык козголоңчуларга каршы согушуп, такшалат. Белгилей кетчү жагдай, атам кыргыздын алгачкы офицерлеринин бири эле.
© Фото / из личного архива Розалии Дженчураевой Джаманкул Дженчураев жубайы Рукия Мардиева менен. Базар-Коргон району. 1929-жыл
Семья  профессора, академика НАН КР Розалии Дженчураевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Джаманкул Дженчураев жубайы Рукия Мардиева менен. Базар-Коргон району. 1929-жыл
— Ата-энеңиз кандайча баш кошкон экен?
— Энем Рукия Мардиева татар элинин кызы. 1909-жылы Оренбург аймагындагы Бугуруслан шаарында төрөлгөн. Москвада сүрөтчүлөр училищесин жана атайын курстарды бүткөн соң 1928-жылы ыктыярчы болуп "жыйырма беш миң" кыймылына кошулат. Бул кыймыл айыл тургундарынын кат-сабатын жоюп, аймактын инфраструктарысын өнүктүрүү үчүн түптөлгөн. Адегенде Совет бийлиги ушул максатта кыштактарга 25 миң адис жиберген. Ошол себептен улам кыймыл "жыйырма беш миң" деп аталып калган. Анын алкагында энемди Базар-Коргон районундагы комсомол уюмунун биринчи катчылыгына жиберишиптир. Кыска убакыттын ичинде апам кыргыз, өзбек жана уйгур тилин үйрөнүп, жергиликтүү элдин билимин көтөрүүгө киришет. Энем Базар-Коргондо дайыма Наган револьверин тагынып, ак көйнөк, кууш юбка жана бутуна шиш така кийчү экен (күлөт). Энем менен атамдын таанышканы өзүнчө бир кызык окуя. Ноокен районундагы Массы кыштагында кыз-келиндерди паранжыны чечкиле деп үндөп митинг өткөрүп жаткан учурда басмачылар кол салат. Ошол убакта кыштакка атам эскадрону менен кирип келип, басмачылардан сактап калат. Ошентип апам менен атам таанышып, бири-бирин жактырып, 1929-жылы үйлөнүшөт. Бирок андан кийин атамды Түркмөнстандагы козголоңчуларга каршы согушканга, ал эми апамды Казакстандын Кызыл-Ордо аймагына жиберишет. Ал жерде улуу агам Дамир төрөлөт. 1934-1940-жылдары атам Казакстандагы Бахты жана Хоргос чек ара отряддарында кызматын улантат. Көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жана Казак ССРинин грамоталары, баалуу белектер, ардактуу курал менен сыйланган. Ошол учурда мен жана эки бир тууганым төрөлдү. 1940-жылы атама капитан наамы ыйгарылып, Беларустун Брест чөлкөмүндөгү Негорелое темир жол станциясынын жанындагы чек ара заставасынын коменданты болуп дайындалат. Застава СССР менен фашисттик Германиянын чек арасынын жанында эле. Атам менен чогуу бул аймакка биз да көчүп бардык. Ал жерде да энем офицерлердин аялдары менен жоокерлерди уюштуруп, өздүк көркөм чыгармачылыкты өркүндөттү.
© Фото / из личного архива Розалии Дженчураевой Джаманкул Дженчураев (биринчи катарда оң жактан биринчи), жубайы Рукия Мардиева, улуу кызы Розалия, кенже уулу Делвес (экинчи катар сол жактан биринчи) экинчи кызы Стакия, улуу баласы Дамир. Фрунзе шаары. 1957-жыл
Семья  профессора, академика НАН КР Розалии Дженчураевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Джаманкул Дженчураев (биринчи катарда оң жактан биринчи), жубайы Рукия Мардиева, улуу кызы Розалия, кенже уулу Делвес (экинчи катар сол жактан биринчи) экинчи кызы Стакия, улуу баласы Дамир. Фрунзе шаары. 1957-жыл
— Сиздин үй-бүлө үчүн Улуу Ата Мекендик согуш кандай башталды?
— Ал кезде агам Дамир тогузда, мен алтыда, сиңдим Стакия төрттө, иним Делвес эмчектеги бала эле. Бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө окуя болор алдында адамга аян берилет дегенге терең ишенем. Согуш башталардан эки жума мурда штабдын жетекчиси Третинскийдин аялы (алардын аты-жөнү эсимде жок) апама энтигип жүгүрүп келип, бизди бөлмөсүнө ээрчитип барды. Тамдагы килемде узун куйруктуу келемиш сойлоп жүрүптүр. "Муну карасаңар, бул жаман төлгө" деп эчкирип ыйлады. "Болбогон нерсеге ишенесиңби" деп энем аны соротту. 1941-жылы 22-июнда таңкы саат төрттө атамды штабга чакырып кетишти. Бир аз убакыттан кийин асманда немец учактары бизди бомбалап, андан соң Минск менен Смоленск тарапка жолун улантканын көрдүк. Ошол эле учурда бизди истребителдер аткылап жатты. Заставадагылар пулемет менен аткылап, душмандын бир учагын атып түшүрүштү.
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун.аскерлери Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагында. 1980-жыл январь айынын башы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны
Третинскийдин жубайы сезгендей, анын жолдошу фашисттик учактар бомбалап жаткан учурда каза болду. Эки күн дзотто жашындык. Үчүнчү күнү атам менен катардагы 21 жаштагы жоокер Иван Шалатуркин жүк ташуучу автоунаага коробкаларга тамак-ашты камдап, бир челекке күйүүчү май куюп, аны бортко бекитишти. Бул автоунааны Иван айдап офицерлердин сегиз үй-бүлөсүн салып, тылга жөнөдү. Жолдон кетип бара жаткандагы азап эч качан эсимен чыкпайт. Азыркы күндө да бирөө уюн жетелеп, экинчиси коляскага оокатын салып түртүп, башкалары арабага отуруп бара жатканы дагы деле көз алдымда. Асмандан фашисттик учактар бомбалап аткылаганда жүрөгүң оозуңа тыгылып, кайда качарыңды билбейсиң. Буга карабастан Шалатуркин жаныбызды далай ирет сактады. Бир жолу машинага бомба тийип унаасыз калдык. Жөө-жалаңдап жолубузду уланттык. Иван жолдон бузулган машина таап оңдоп, Смоленскиге баарыбызды аман-эсен жеткизди. Канча күн жол жүргөнүбүз эсимде жок. Иван бизди темир жол станциядагы бир күйгөн жүк ташуучу вагонго салып, Москва тарапка жөнөтүп, кайра фронтко кетти. Эки айдын ичинде араң Смоленскиден Москвага жеттик. Жолдон улам фашисттик учактар бомбалайт. Жолдогу станциялардан бизге жергиликтүү жашоочулар жана кан майданга кетип бара жаткан жоокерлер гезитке ботко салып, нан менен кант берчү. Өзөк жалгап, көрбөгөн азапты көрүп Москвага жеттик. Ал жерден эки офицердин жубайлары Мария Стрионова менен Мария Пономаренко калды. Биз Бугуруслан шаарына таятам менен таенемдикине келдик.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРЛенинград шаарындагы нанга берилчү карточка. 1941-жыл, декабрь айы
Карточка выдаваемая для получения хлеба в Ленинграде. 1941-год - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ленинград шаарындагы нанга берилчү карточка. 1941-жыл, декабрь айы
— Жашоо оңой болбосо керек...
— Бир аз убакыттан кийин апамдын бир туугандарын Разия менен Мухтарды фронтко узаттык. Таежем Разия аскердик учкуч болуп Кавказдан согуштук жолун баштап, Берлинде Жеңишти тосту. Ал эми таякем Мухтар кан майдандан кайткан жок. Биздин аркабыздан Бугурусланга Москвадан Мария Стрионова менен Мария Пономаренко келип, чогуу жашадык. Баш-аягы таятабыздын эки бөлмөлүү үйүндө 13 киши турдук. Тамак-аш жокко эсе, башка кыйынчылыктарды айтпай эле коёюн. Ынтымактуу элек, бир нанды бөлүп жечүбүз. Көпкө чейин атабыздын өлүү-тирүүсүн билбедик. Ал бизди тылга жөнөткөндөн кийин аман калган офицерлер жана жоокерлер менен Москвага чейин чегиниптир. 1941-жылы 3-декабрда Москванын жанындагы Юшково кыштагынан атам 55 чек арачы жана алты танк менен үч миң немецти талкалап сүрүп чыгарган. Мындан сырткары, ондогон танк, замбирек жана курал-жаракты олжолоптур. Бул эрдиги үчүн ага майор наамы ыйгарылып, "Кызыл Туу" ордени менен сыйланып, он күн эмгек өргүү берилген экен. Бизди Бугурусландан таап, бир түнөп кайра кан майданга кетти. Ошондогу кубанычыбызды сөз менен айта албайм. Эки аяш энем менен апам пирожки бышырып берчү, аны аскердик госпиталга жарадар жоокерлерге алып барып, аларга ырдап да берчүмүн.
© Фото / из личного архива Розалии Дженчураевой Розалия Дженчураева жолдошу Ильгиз Айтматов жана неберелери менен
Профессор, академик НАН КР Розалия Дженчураева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Розалия Дженчураева жолдошу Ильгиз Айтматов жана неберелери менен
— Жеңишти кайдан тостуңуздар?
— СССР жеңгенин биз Молдавиянын Альбинцы айылында жайгашкан чек ара комендатурасында уктук. Себеби 1944-жылы жетекчилик атамды бул аймактын чек арасын коргоо үчүн которгон. Согуштан кийин мен Москва шаарындагы Түстүү металл жана алтын институтунда окуп жүргөн учурда ата-энемдин кан кечип жүргөн достору мага далай жардам беришти. Алар менен ата-энем өмүрүнүн акырына чейин кол үзүшкөн жок. Биз Иван Шалатуркинди издеп, анын дайынын таппадык. Болгону жакында Россиянын "Подвиг народа" сайтынан аны 1944-жылы 2-Украина фронтунда "Эрдик" медалы менен сыйланганы жөнүндө маалыматты таптым. Ал биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0