Элетте туруп киреше табыңыз. Ишкер аялдарды колдогон акция башталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖыйындын катышуучулары. Архив
Жыйындын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Жазылуу
Акциянын максаты — айыл жергесиндеги аялдардын өндүрүмдөрүн, кызматын сатып алуу менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Өлкөдө "Ишкер аялды колдо!" акциясы башталды. Анын алкагында элет жергесиндеги аялдар өздөрү өндүргөн товарларын мобилдик тиркеме аркылуу сата алышат. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюумунун аялдар түзүмүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ишим оор деп жүрөсүзбү? Көндүм ойду жокко чыгарган ширетүүчү айымдын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Ишим оор деп жүрөсүзбү? Көндүм ойду жокко чыгарган ширетүүчү айымдын видеосу
Уюштуруучулардын айтымында, бул багытта айылдарда бир катар иш-чаралар пландалууда.
"Айым баштайт" уюмдун жетекчиси Асел Кубанычбекова ишкер аялдардын товарларын сатуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыгарын белгиледи.
"Социалдык тармактарда "Ишкер аялды колдойлу" аталышында флешмоб өткөрүлөт. Айыл жериндеги ишкер аял өзүнүн баяны жана товарынын видеосу менен бөлүшүп, эстафетаны башкаларга жөнөтөт. Мындан сырткары, аялдардын товарларын сатуу аянтчалары Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуп, бир апта бою соода кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт", — деди Кубанычбекова.
Бул акция "БУУ — Аялдар" түзүмүнүн "Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" (JR RWEE) программасынын негизинде ишке ашырылып жатат. БУУнун мекемелери, Норвегия жана Швециянын өкмөтү тарабынан каржыланат. Ошондой эле Япония өкмөтү каржылаган "COVID-19 пандемиясы маалында кыздардын жана аялдардын муктаждыгына жооп кайтаруу" долбоору дагы колдоо көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0