Коронавирус 33 адамдан аныкталып, Бишкекте 2 бейтап каза болду. Статистика

© AP Photo / Pavel GolovkinОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Жазылуу
Учурда өлкө боюнча ооруканаларда 334 бейтап жатат, алардын ичинен 12 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Соңку бир суткага карата алынган статистика боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 жаңы учур катталып, ошол эле маалда 45 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
  • Бишкек – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Ош – 1;
  • Нарын облусу – 1.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 86 583тү түздү.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
  • Бишкек – 16;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 7.
Ушуну менен айыккандардын жалпы саны 83 575 адамга жетти.
Мындан сырткары, бул илдеттен кечээтен бери эки адамдын каза болгону айтылды. Алар Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирустан көз жумгандардын саны 1 473кө жетти.
Учурда ооруканаларда 334 бейтап жатат, алардын ичинен:
  • 1 адам — канааттандырарлык абалда;
  • 236 — орточо оор абалда;
  • 85 — оор абалда;
  • 12 — өтө оор абалда.
260 киши үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0