Кыргызстандагы алгачкы рэпер кыз Тамга: бир клип тартып кыйраттык деп жүрүппүз

© Фото / Давлет КазыбековРэпер кыз Тамга
Рэпер кыз Тамга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Тамга Кыргызстанда алгачкы рэпер кыз катары таанылган. Аны башкалардан аты да, үнү да айырмалап турат. Каарманыбыз бирде назик, бирде сүрдүү болуп эки образды алып жүрөт. Жакында эле дал ушул өзгөчөлүгү үчүн "Ак салкын" тасмасында башкы ролдордун бирин аткарды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тамганын рэп жанрына таштаган кадамы жана режиссер Эрнест Абдыжапаровдун сынынан өткөн алгачкы киносу тууралуу маек курду.
— Алгач атыңыздан баштайлы. Чоң энеңиз түш көрүп ысымыңыз ошондон улам коюлуп калганын айтып жүрөсүз. Тамга деген кадимки ариптен башка эмнени түшүндүрөт?
— Бекеринен чоң энемин түшүнө кирип, атым Тамга деп коюлуп калбаса керек. Тамга деген кыргыздардын тарыхында "белги" деген маани менен көп айтылат экен. Мен да жакшы нерсенин белгиси катары өз атыма татыктуу болууга аракеттенем.
© Фото / Давлет КазыбековТамга Кыргызстанда алгачкы рэпер кыз катары таанылган
Рэп-исполнительница Тамга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Тамга Кыргызстанда алгачкы рэпер кыз катары таанылган
— Рэп жанрында кантип ырдап калдыңыз? Бирөөлөр сунуштадыбы же өзүңүз кызыктыңызбы?
— Менин алгачкы дебютум вокалдык эле ыр, бирок арасында бат ырдалган жери да бар болчу. Эл рэп сыяктуу ырдалган жерин жакшы кабыл алып жатты. Анан продюсерим менен кеңешип, "Ой, бой-бой" аттуу рэпти чыгардык. Көпчүлүккө жагып, ошондон улам рэпер катары таанып калышты окшойт. Бирок мен рэп менен эле чектелбейм, ар түрдүү ырларды аткара берем.
— Кыздардын рэп аткарышын биздин коомчулук кандай кабыл алат экен? Бир сыйра сындан өтсөңүз керек...
— Албетте, ар кандай сындар айтылды, көбүнчө "үнүң өзгөчө, ар кандай жанрга туура келе берет" деген жакшы пикирлерди угам. Эгер мага туура сын айтылса маани берип, кемчилдигимди оңдогонго аракет жасайм. "Кыздарга жарашпайт" деген сыяктуу майда-чүйдө сындарга көңүл деле бурбайм. Кызбы же балабы, каалоосу күч болсо ага эч ким тоскоолдук жарата албайт. Эгерде адам бир нерсени жасагысы келсе, башкаларга эмес, өзүнө "каалайсыңбы, жасай аласыңбы?" деп суроо берип, ошого ишенсе жасай бериши керек.
— Элдин сыны тууралуу айтып калдык, эң башкысы үй-бүлөңүз чыгармачылыгыңызга, дегеле рэп ырдаганыңызга кандай карайт?
— Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, түбүм Алайдан. Бирок атамдын көзү өткөндөн кийин Сокулукта окуп, чоңойгом. Чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм. Ал мага каалоо жаратып, шык берип кетти. Атам дүйнө салгандан кийин апам жакшы тарбия берип өстүрдү. Эң башкы колдоочуларым — жакындарым. Алар дем-күч берип турса гана башка ийгиликтерди жарата алам.
© Фото / Мирлан СаткымбаевТамга: чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм
Рэп-исполнительница Тамга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Тамга: чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм
— Кыргызстанда рэп аткарууга кызыккан кыздар көп эле бекен, өзүңүз ырдап чыккандан кийин байкаган чыгарсыз?
— Учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат. Башка ырларга да рэп кошуп жүрүшөт. Мурда кыздардын кызыгуусу жогору экенин байкабаптырмын. Өзүм аралашып калгандан кийин жаш кыздар рэп ырларын аябай эмоция менен аткарганын көрүп калдым. Instagram баракчама жазган кыздар да көбөйдү. Демек, бизден мотивация алып жатышса керек. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик экенин сезем.
— Ырчылар көбүнчө тойлордо ырдап киреше табат эмеспи, сиздин киреше булагыңыз кайсы жактан?
— Биз деле тойлорго барабыз, анткени азыр дээрлик жаштардын баары тойдун шаңдуу болушун каалашат. Негизи каражат табуунун жолу көп. Бир эле той менен чектелбеш керек, жаштар түрдүү иш-чараларга чакырышат. Ар кандай кинонун саундтректерине буюртма алабыз, башка да нерселер көп. Ал эми гонарарыбыз боюнча айтпай эле коеюн. Аны продюсерим менен сүйлөшкөн оң.
— Рэп бат кабыл алуу, так сүйлөө, тил үйрөнүү жаатында чоң жардам берет деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Бул жанрда бир эле ритмде бир канча ой бат-баттан айтылгандыктан, аларды бат кабыл алып, бат айтууга туура келет. Ошондой эле башка рэпти угуп жатканда да бат түшүнүүгө аракет жасайбыз. Андыктан чын эле тез кабыл алууну үйрөтөт. Дикция дагы башкы ролдо, андыктан ар бир тыбышты туура айтуу керек. Менин ырыма чет өлкөлүктөр да кызыгып, ырдап көргөндөрүн угуп калдым. Алар да кыргызчаны ырдын жардамы менен туура айтууга аракет жасашат экен. Бул биз үчүн сыймык. Демек, тилди бат үйрөнүүгө да жардамчы боло алат деп айтсак болот окшойт. Анан, албетте, эмоция менен ырдалып, шаңдуу болгондуктан маанайды көтөрөт.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуТамга: учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат
Рэп-исполнительница Тамга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Тамга: учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат
— Ырчылыктан башка эмнеге кызыгасыз?
— Бийге басым жасап жатам. Анткени менин чыгармачылыгыма аябай керек экен. Комуз чертүү боюнча окугам, аны менен бирге профессионалдуу болбосо да гитарада, фортепианодо бир аз ойнойм. Өзүмдү мажбурлап эч нерсе жасабайм. Мындан сыртары, вокалдан курс ачып сабак бере баштадым.
— Эми кеп "Ак салкын" тасмасы тууралуу болсун, анда кимдин ролун жараттыңыз?
— Жакында эле биринчи жолу "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылдым. Анда көп тажрыйба топтодум окшойт. Биз бир клип тартып алып эле кыйраттык деп жүрүптүрбүз, тасма тарткан андан бир топ эле кыйын турбайбы. Көп адамдын эмгеги сарпталат экен. Эрнест Абдыжапаров менин маектеримди көргөн экен. "Бул кыз эки башка образ берип жатат, башкы каармандын мүнөзүнө окшош экен" деп анан сунуштаптыр. Кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам. Ушундан кийин мен да мекенимди көбүрөөк сүйүп калдым. Кино Ысык-Көлдө тартылып, кооздугуна көзүм тойбой ал жерге жашап калгым келди. Азыр да сагынып турам.
© Фото / Иманбек АсылбековТамага режиссер Эрнист Абжапаровдун "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылды
Тамага режиссер Эрнист Абжапаровдун Боз салкындын экинчи бөлүгү Ак салкын тасмасына тартылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тамага режиссер Эрнист Абжапаровдун "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылды
© Фото / Иманбек АсылбековРэпер кыз алгачкы ирет кинодо рол жаратты
Рэпер кыз алгачкы ирет кинодо рол жаратты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Рэпер кыз алгачкы ирет кинодо рол жаратты
© Фото / Иманбек АсылбековТамга кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам
Тамга кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам - Sputnik Кыргызстан
3/3
Тамга кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам
1/3
Тамага режиссер Эрнист Абжапаровдун "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылды
2/3
Рэпер кыз алгачкы ирет кинодо рол жаратты
3/3
Тамга кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам
— Ал кинонун саундтрегин да сиз ырдап чыксаңыз керек?
— Ооба, Бегиш экөөбүз ырдайбыз. Кино 25-марттан баштап кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Өзүм да күтүп жатам.
— Жаш, татынакай кыздын жеке жашоосуна кызыкпай коюу мүмкүн эмес да. Табитиңиздеги мырза кандай, мүмкүн аны жолуктурган чыгарсыз?
— Табит деп ар нерсени айта беребиз. Негизгиси сезим керек да. Бардык берген маегимде бул тууралуу айтпайм. Ушу тапта менин жигитим — чыгармачыл жашоом, эмгектерим деп гана айта алам. Бүт сезимимди, күчүмдү, энергиямды чыгармачылыкка жумшоодомун.
Жаңылыктар түрмөгү
0