Кайсы убакта дене табын түшүрүүчү дары ичүүгө болбойт. Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКарантинный контроль в поликлинике
Карантинный контроль в поликлинике - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Дене табы көтөрүлгөн адамдардын абалы ар башка болот. Мындай учурда башы катуу ооругандар сөз жок дарыгерге кайрылуусу абзел.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Дене табы 38-38,5 градуска жеткен учурда аны түшүрүп кереги жок экенин "Звезда" басылмасына терапевт Елена Карякина билдиргендигин РИА Новости жазды. 
Дарыгердин айтымында, бул организмдин инфекция менен өз алдынча күрөшүүсү болгондуктан, бардык жагымсыз сезимдерди басып өтүүгө аракет кылуу керек. Абалды жакшыртуу үчүн малина кошулган чай ичип, тердөө зарыл.
"Эгер такыр эле өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз гана адатта колдонуп жүргөн дене табын түшүрүүчү препараттарды ичүүгө болот", — деди Карякина.
Ал белгилегендей, дене табы көтөрүлгөн адамдардын абалы ар башка болот. Айрымдар сезбей да калышы мүмкүн, кээсинин башы ооруйт, үчүнчүсү чыйрыгат.
Жаңы төрөлгөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Климаттын кескин өзгөрүшү ымыркайларга кандай таасир берери айтылды
Психологиялык фактордон улам эркектер мындай ооруларды өтө оор көтөрөт. Андан тышкары, медик баш катуу ооруган учурда дарыгерге кайрылуу сунушун берди, анткени бул организмде олуттуу инфекция бар экендигинен кабар берет.
Буга чейин испаниялык Наварра университетинин дарыгерлери, температура көтөрүлгөн учурда ичүүчү препараттардын тизмесин атаган. Алар белгилегендей, адатта баары эле парацетамол же ибупрофен ичишет. Бирок булар эки башка дары жана эки бөлөк ооруга колдонулат. Парацетамолдун оорунун сезгенишин басаңдатуучу касиети жок, ал эми ибупрофенди дене табы көтөрүлгөндө жана бир аз баш ооруганда ичүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0