Грузия Кыргызстан баштаган төрт өлкө үчүн аба жолун ачты

© AP Photo / Michael ProbstАэропорт Франкфурта
Аэропорт Франкфурта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Аталган мамлекеттин премьер-министри жетектеген ведомстволор аралык координациялык кеңеш Грузияга кире турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Грузияга коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасы менен учуп бара алышат. Бул тууралуу Грузиянын өкмөтүнөн билдиришти.
Аталган мамлекеттин премьер-министри жетектеген ведомстволор аралык координациялык кеңеш Грузияга кире турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен. Ага Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан дагы кошулган.
Бул мамлекетке бара турчулар, анын ичинде транзит менен саякаттагандар дагы ПЦР-тесттин терс натыйжасын көрсөтүшү шарт.
Жаңылыктар түрмөгү
0