Эркектерди душманымдай көрөм. Турмуштан көңүлү калган айымдын каты

© Фото / Pexels / Alex GreenОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына ажырашкандан кийин көңүлү муздап, эркектерди жек көрүп калган айым кат жазган.
Саламатсыздарбы, менде бир маселе бар. Өзүмдүн жашым 45ке чыгып калды, борбордун четиндеги мекемелердин биринде мамлекеттик кызматта иштейм. Өзүңүздөр билгендей, маянам деле жарытылуу эмес. Түйшүк менен эле күндөрүм өтүп келет.
Үйдө апам жана кызым менен турам. Мурда жаш кезимде турмушка чыгып, эки-үч жыл жашап эле ажырашып кеткем. Ошондон кийин турмушка чыккым келбейт. Азыр ойлосом ошондо үй-бүлөлүк зомбулукка кабылыптырмын. Күйөөдөн аябай көңүлүм калган. Эркектин баары бирдей эместигин билем, бирок мен үчүн баары аялдарга азап берүү үчүн жаралгандай көрүнө берет. Мындан бир аз жаш кезимде апамдан колумду сурап, үйгө келген мырзалар деле болду. Алар алгач мага келип, мен көңүл бурбай койсом апама чейин барышчу. Апам тамакты мыкты жасаган, таза, чарбакер, тың аял. Азыр алдан тайып, 70тен ашып калды. Келген жуучулардын айрымдары "энесин көрүп, кызын ал" болуп ата-энесинин үгүттөөсү менен апасындай аял болсо жаман болбойт деп келгендер. Азыр ошолордун айрымдары очор-бачар, жакшы турмуш күтүп кетишти. Мен дагы эле баягыдай жумушка барам, кечинде үйгө келем, оокатымды кылам. Жашоомдун маңызы кызым болуп калган.
Ситуация в Мельбурне из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Капканда калгандаймын. Күйөөдөн бак айтпаган, турмуштан чарчаган келиндин каты
Апам болсо "көзүм тирүүсүндө бирөөнүн колун кармап кетсең боло, айлыгың бул болсо кийин кантип оокат кыласың, кызың турмушка кетет" деп какшап санаага батат. Чынын айтсам, ушул сөздөрдөн тажадым. Уккум да келбейт. "Баланчаны чандың эле, мына азыр минтип жашап жатыптыр" деп мурда келгендерди отуруп алып санаганда, чынын айтсам, "экинчи ушундай сөздөрдү айтпаңызчы, кызым бар, мага ошол жетет. Күйөөдөн ким жыргап жатыптыр" деп катуу айткан күндөрүм да болду. Кээде уруша да кетебиз.
Атам да апама жарытылуу деле мамиле кылган эмес. Кээде уруп, кызганып мээсин жегенин эле көрүп чоңойдум. Ошондон дагыбы, эркектерди аялдардын душманындай көрөм. Кийин мектепте окуп жүргөндө атабыз каза болуп калды. Апам байкуш мени жалгыз чоңойткон. Ошондон кийин түйшүк менен жүрүп турмушка чыккан эмес. "Мендей болуп жалгыз калбасын" деп коркуп жатканын түшүнөм, бирок эркектерге ишенбейм. Жалгыздыктын түйшүгү деле сезилет, кээде эркектерге тийиштүү чарбалык иштерде "аял катары бакыт деле көргөн жокмун" деп ойлонуп кетем. Ошентсе да күйөөлөрүнүн көйгөйүн, кордугун айтып арызданган курбуларым, кесиптештерим да жок эмес.
Мендеги коркуу, жек көрүү сезимин көптөргө айтсам түшүнбөйт. Бул менин жөн гана коркуумбу же чындап көйгөйүм барбы? Психолог эмне дейт болду экен?
Психолог Айгүл Ысыкеева:
— Бул айымдын катын толук окуп чыктым. Мага эмнегедир алдыга умтулайын, билим алайын же дагы бир башка ийгиликке жетишейин деген аракети жоктой сезилди. Ал турмуш куруу үчүн эркектер менен таанышуудан эмес, оболу жашоосун өзгөрткөндөн коркот өңдүү. Мындан ар бир көргөн күнүнө ыраазы болуп эле күн көрүп жаткан аялзатынын образын байкадым. Муну менен катар өзүн, жеке жашоосун эбак унутуп, өмүрүн кызына арнап салгандай.
Окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Чогуу окуган агамдан коркуп жүрүп жигит күтө албадым. 30га чыккан кыздын каты
Ошондой эле бала деген кичинесинен баштап бой жеткенге чейин ата-эненин мээримине канып, өзүн толуктап жүрүп отурат. Адам ата-энесинин мээримине толук канбай калган учурда эмоционалдык боштондук албай калат. Башкача айтканда, атасынын же апасынын мээрими жетпей, жан дүйнө бөксө тартып, айланчыктап эле алардан эмоционалдык жактан көз каранды боло берет. Кийин да ошол мамилени күтүп жүрө берип, бара-бара анысы бирөөгө жана өзүнө ишенбөөчүлүк алып келет. Адам жалгыздыкка баш уруп, алсыздык жаралат. Мындай адамдар жаңы турмуш баштоодон, энесинен өзүнчө бөлүнүүдөн да коркуп, менин кимге керегим бар өңдүү сезимден чыга албай калат. Адам территория жактан болбосо да, эмоционалдык жактан ата-энеден бөлүнүүсү зарыл.
Апасы да жалгыз чоңойтуптур. Бала баарын сезет, балким, кичинесинде атасына керек эмес экенин туюп калгандыр. Кыз кишиде жашоосундагы алгачкы эркек адамдын мамилесине карап, анан башка эркектерге болгон мамиле калыптанат. Башкача айтканда, кыз үчүн, анын тагдырына атасынын мамилеси маанилүү роль ойнойт. Өзгөчө жолдошунан ушундай мамилени күтөт жана турмуш курууга да ушул образды издейт.
Жыйынтыктап айтканда, ушундай эмоционалдык мамиле үзүлбөй калган учурда жалгыз өзү көйгөйдөн арылышы кыйын. Ал психологго барып, коркуу сезимдерин азайтып, өзүнө өзү жардам берүүгө үйрөнүшү керек. Аракет кылбаса, жылдар өтүп жаш өйдөлөй берет. Кийин энесинин эле тагдырын кайталап калат. Эң кооптуусу эмоционалдык жактан бөлүнбөгөн адам баласына да жармашып, аны жанынан чыгаргысы келбейт. Ошентип жүрүп бул аялдын кызына да зыяны тийиши ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0