Айнура Сагынбаева: жыныстык жашоом жакшы эмес деп келген аялдарга жардам беребиз

© Фото / Эрмек Жениш уулуРуководитель клиники косметологии и пластической хирургии Айнура Сагынбаева
Руководитель клиники косметологии и пластической хирургии Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Аялдардын ортосунда сулуулук жана ага байланышкан процедуралар тууралуу сөз козголуп калса оңой менен бүтпөйт. Жаздын келиши менен бул тема ого бетер жанданып, кыз-келиндердин кызыгуусун жаратып турган убагы.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ордо калаадагы эстетикалык-медициналык клиниканын негиздөөчүсү Айнура Сагынбаевадан аялдар үчүн маанилүү жана керектүү суроолорго жооп алып, маек курду.
— Клиникаңар эмнеге эстетикалык-медициналык клиника деп аталат?
— Бизде сулуулукка байланыштуу процедуралардын баары, операциялар жасалат. Алсак, дермокосметология. Мында теринин ар кандай көйгөйлөрүн чечебиз. Чач (трихология) боюнча адистерибиз Россиядан окуп келген. Пластикалык операциялар жасалат. Пластикалык операция десе эле көбү обу жокторду ойлошот. Бирок мен буга кошулбайм. Андай операцияны ар ким ар кандай себептер менен жасатып калышы ыктымал. Мисалы, кырсыктап мурду сынгандар, жакшы дем ала албай жаткандар келип мурдуна операция жасатып кетишет.
Дене мүчөлөрүнө операция жасаган хирургдарыбыз бар. Клиникага таптакыр төшү жок, төшү өспөгөн кыздар келип төш салдырып кеткен учурлар болгон. Ал кыздарды көргөндө эркек го деп эле ойлойсуң.
Эстетикалык гинекология жана сексопатология боюнча адистер бар. Гинекологдорго эрозиям бар же төрөй албай жатам деп келишпейт. Жыныстык жашоом жакшы болбой жатат деген көйгөй менен кайрылышат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйнура Сагынбаева: пластикалык операция десе эле көбү обу жокторду ойлошот. Бирок мен буга кошулбайм. Андай операцияны ар ким ар кандай себептер менен жасатып калышы ыктымал. Мисалы, кырсыктап мурду сынгандар, жакшы дем ала албай жаткандар келип мурдуна операция жасатып кетишет
Пластический хирург, дермокосметолог Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айнура Сагынбаева: пластикалык операция десе эле көбү обу жокторду ойлошот. Бирок мен буга кошулбайм. Андай операцияны ар ким ар кандай себептер менен жасатып калышы ыктымал. Мисалы, кырсыктап мурду сынгандар, жакшы дем ала албай жаткандар келип мурдуна операция жасатып кетишет
— Аны кандай жол менен чечесиңер?
— Төшөк маселеси бактылуулугубуздун 90 пайызын чечерин көбүбүз билебиз, түшүнөбүз. Бул үй-бүлө атмосферасын кармап турууда абдан маанилүү. Ошол себептен аялдар күйөөсүнө ошол жаатта жагуу үчүн кайрылышат. Мисалы, гинекологдорубуз кынды кичирейтип, дайыма эле кургак болуп жаткан аялдын көйгөйүн чечет.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Кыска убакытта арыктоо эмнеси менен кооптуу. Диетолог Дүйшөнкулованын маеги
Кынды кичирейтүүгө көп нерсе себеп болот. Мисалы, "күлсөм, чүчкүрсөм да заарам токтобой калды, памперс кийип калдым" деп кайрылган кардарлар бар. Мындан улам кынды кичирейтип тигип берүүгө туура келет.
Кынды кичирейтүүнүн түрлөрү көп. Эгер аял "дагы төрөйм, бирок жолдошум ыраазы болбой жатат" десе анда жип менен өйдө көтөрүп коюшат. Эгерде "болду төрөбөйм же операция менен эле көз жарам" дей турганы болсо, анда өздөрүнүн уруксаты менен операция кылып, жатынды көтөрүп, кынды кичирейтишет.
Мындан сырткары, кадимки бетке жасалгандай аялдардын жынысына да жашарткан процедуралар жасалат. Андан кийин ал органдарда кан жүгүрүү жакшырып, чымыр болуп калат.
— Мындай операциялардан кийин күйөөсү менен болгон мамилеси жакшырып же бекемделген учурлар болобу?
— Болот. Себеби, биринчиден, сексуалдык сезимдери бөлөкчө болуп өзгөрөт. Эң башкысы — аялдардын өзүнө болгон ишеними жогорулайт. 
— Жакында "кыздык" белги кыздарга эмне себептен керек экенин айткан видеоңузду жарыялап, ал тууралуу соцтармакка билдирүү калтырдыңыз эле. Колдонуучулардын реакциясы кандай болду?
— Аны ар ким ар кандай кабыл алды окшойт. Айрым ЖМКлар кыздардын укугун тебеледиңер дегенге чейин барышты. Бирок мен ал жерде бирөөнү "ушундай кылышыңар керек" деп мажбурлаган жокмун. Болгону бир жагынан эне, бир жагынан медик катары айттым. Дагы эле ошол оюман кайтпайм. 16-17 жашында көп кыздардын жыныстык мамиле тууралуу маалыматы аз болот. Соцтармакта отургандары менен ал тууралуу көп билбейт, ден соолукка тийгизген таасирине кызыгышпайт. Кыздык белги аялды көп нерседен коргоп турат. Бирок бул белги алынгандан кийин ал жер ачылат, сезгенүү болот, оорулары көбөйөт. Бир аз жеңил кийинсе эле суук тиет. Айрымдары сактанганды билбей боюна бүтүп калып жатат. Андан кийин аборт жасалып, аялдар кийин төрөй албай калышууда. Ошол себептен бул белгинин мааниси тууралуу айткам.
Дагы бир жолу эч кимге оюмду таңуулабайм, моралдык басым жасабаганымды айтып кетейин. Болгону биз улуттун келечегин бузбай турчу нерселерибизди сактап калышыбыз керек.
— Соцтармакка аялдарга мотивация бере тургандай билдирүүлөрдү да байма-бай жазып турасыз.
— Адам канчалык көп киши менен иштешсе, көп жерге барса аң-сезими, дүйнө таанымы, жашоого болгон көз карашы да өсүп, өзгөрөт экен. Меники да өзгөрдү, өстү. Айрым учурда жөн гана ой толгоом менен соцтармак аркылуу бөлүшкүм келет. Аны жазгандан кийин окурмандарга жагып, жакшы пикирлерди калтырышат.
Бирок биз канчалык мотивация берген менен өзгөрүүгө ар бир адам, ар бир аял өзү бышылып жетилиши керек экен. Өзү жетилмейинче 10 коуч, 10 тренердин сабагы да жардам бербейт. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйнура Сагынбаева: төшөк маселеси бактылуулугубуздун 90 пайызын чечерин көбүбүз билебиз, түшүнөбүз. Бул үй-бүлө атмосферасын кармап турууда абдан маанилүү. Ошол себептен аялдар күйөөсүнө ошол жаатта жагуу үчүн кайрылышат. Мисалы, гинекологдорубуз кынды кичирейтип, дайыма эле кургак болуп жаткан аялдын көйгөйүн чечет
Пластический хирург, дермокосметолог Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айнура Сагынбаева: төшөк маселеси бактылуулугубуздун 90 пайызын чечерин көбүбүз билебиз, түшүнөбүз. Бул үй-бүлө атмосферасын кармап турууда абдан маанилүү. Ошол себептен аялдар күйөөсүнө ошол жаатта жагуу үчүн кайрылышат. Мисалы, гинекологдорубуз кынды кичирейтип, дайыма эле кургак болуп жаткан аялдын көйгөйүн чечет
— Жеке жашооңузду көп жарыялабайсыз. Өзүңүз тууралуу да айтып бериңизчи. Клиниканы кантип ачып калдыңыз эле?
— Өзгөчөлүгүм жок. Кыргыздын аялдары тарткан түйшүктү мен деле тартып келе жатам. Жолдошум, үч балам бар. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле бирде өйдө, бирде ылдый дегендей.
Логопед-дефектолог Айзада Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2020
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек
Клиниканы эч кимдин колдоосу жок эле өз күчүм менен ачкам. Бир кремге акчам жетпей калып, ошонун арты менен ишкерлик башталып кеткен. Медициналык окуу жайда ординатурада окуп жатканда салондо косметолог болуп иштеп жүрүп турмушка чыктым, балалуу болдум. Андан кийин өзүм бир салон ачкам. Ал даараткананын жанында, терезеси жок болчу. Кирпик кошконду, татуаж жасаганды үйрөнүп, айтор, тытына эле берчүмүн. Кийин Сокулуктан клиника ачып, тилекке каршы, ишим жүрбөй кайра жаптым. Ишкерликти ошону менен таштап, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 8 жыл дерматолог болуп иштедим. Күнүнө 50-60тай кишини кабыл алып, көп тажрыйба топтогом.
Кайра өз алдынча иштегим келип Ош базарынан бир кабинет ачып, ал жактан дерматолог, косметолог катары эмгектенип жүрүп акырындап кеңейтип, клиникага жеткирдим. Адистердин медициналык билимине абдан басым жасачумун. Кийин көбү өз алдынча бөлүнүп кетип клиника ачышты. Биздин жай аларга стартап болду десем болот.
Азыр Ошто дагы ушул сыяктуу клиника ачтык. Ал жакка жалгыз жетишпей жаткандыктан, апам менен иним жардам берүүдө. 
— Жаз келди. Аялдар ажарлуу болуп, бетине туура кам көрүүдө эмнелерди эске алышы керек? Косметолог катары кеңешиңиз.
— Бир крем менен эле сулуу болуп калам деп ойлобогула деп айтат элем. Бетке дайыма кам көрүп туруу шарт. Мисалы, күндө жатарда бетти таза жууп, бет май сүйкөп жатуу зарыл. Эртең менен көчөгө күндөн коргой турган бет майды коймоюн чыкпагыла! Болду, ушул эң эле жөнөкөй нерселерди жасап турууну адатка айлантып алыш керек.
Ал эми 30 жаштан кийин ар дайым сулуу болгуңуз келсе, анда да бир эле крем жардам берип, жаштыкты сактап кала албайт. Азыр идеалдуу образдар бар. Ошолордой болгусу келгендер косметологиялык процедураларды сөзсүз колдонушу шарт.
Кош бойлуу аялды карап жаткан гинеколог. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2019
Аял-эркектин тукумсуздугуна себеп болгон жагдайлар. Гинеколог менен маек
30 жаштан ашкан айымдар жалаң эле бетке эмес, денеге да туура кам көрүшү керек. Туура эмес тамактанса, кеч жатып, кеч турса, анда сулуулук тууралуу ойлобой деле койсо болот. Анткени түндө мелатонин деген аялдын сулуулугун арттырган гормон бөлүнүп чыгат. Эгер кеч жатса, ал бөлүнбөй калат. Ошол себептен эрте жатып, эрте туруу кажет. Анан, албетте, спорт. Машыгуу залдарына барбасаңар, жок дегенде үйдөн машыккыла, үйдү тегеренип чуркагыла. Анан витаминдүү тамактарды, витаминдерди колдонуп, өзүн тонуста алып жүргөн жакшы.
Өзүнө кам көрүү, туура тамактануу туруктуу болбосо эч натыйжа бербейт. Айрымдары косметологиялык процедурага бир келет дагы ошол бойдон бардык жүктү дарыгерге жүктөп, өзү аракет кылбай коёт, жалкоолор бар. Алар бир барсам эле суйкайып чыгып калам деп ойлошот. Бирок айрым процедуралар комплекстүү дарылоону талап кылат. Ошол себептен аялдарга бир нерсеге киришкенден кийин аягына чейин чыккыла деп айтам.
Жаңылыктар түрмөгү
0