Бишкекте жүк ташуучу автоунаа айдоочуларына салынуучу айыптар эскертилди

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүГрузовые автомобили
Грузовые автомобили - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Айрым автоунаалардын айдоочулары жүк ташып келүүдө жол эрежесин сактабай, авариялык кырдаал жаратып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүк ташууда жол эрежелерин сактабаган автоунаалардын айдоочуларына 3000 сомдон айып пул салынарын эскертти.
Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, социалдык тармактарда жүк ташуучу унаалардын кирпич, таш жана башка оор жүктөрдү ташууда коопсуздук эрежелерин сактабай жаткандыгы тууралуу видеолор жарыяланууда. Унаанын бортунан жүк кулап кетсе жолдогу башка жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралышы толук мүмкүн.
Милиция айдоочуларды төмөндөгү жол эрежелерин сактоого чакырат:
  • ташылган жүктүн салмагы машина үчүн белгиленген көрсөткүчтөн ашпашы керек;
  • унааны айдоо алдында жана айдап бара жатканда айдоочу жүк кулап, башкаларга тоскоолдук жаратпашы үчүн анын жайгашышын, бекитилишин жана абалын көзөмөлдөөгө милдеттүү.
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Бишкектин 14 көчөсү оңдоо үчүн жабыла турган болду. Тизме
Айдоочуларга унаадагы жүк жолду көрүүгө, унааны башкарууга тоскоол болбой, жолду кирдетпей турган жагдайларда гана жүк ташууга уруксат берилген.
Патрулдук милиция башкармалыгы эскерткендей, эгер жүк унаанын алдынан же артынан бир метрден ашып кетсе же капталынан 0,4 метр чыгып калса, анда бортто "Көлөмдүү жүк" деген идентификациялык белги болушу керек.
Эрежелер сакталбаган учурда КРдин Эреже бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, айдоочуга 3000 сом көлөмүндө айып пул салынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0