Бишкекте Калкты тейлөө борборун саат 22:00гө чейин иштетүү пландалууда

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКалкты тейлөө борбору иш учурунда. Архив
Калкты тейлөө борбору иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Борбор калаадагы КТБлардын иштөө режимин саат 22:00гө чейин узартуу каралууда. Жакында сынамык иретинде иштеп баштайт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 26 Калкты тейлөө борбору (КТБ) Open space режими менен иштөөгө өтө турганын билдирди.
Бул "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын жана өкмөт башчынын тапшырмасынын алкагында жасалып жатканы белгиленет.
"Мындай технология ыкчам тейлөөгө, ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө жана мамлекет менен коомчулуктун ортосундагы аралыкты кыскартууга жардам берет. Калкты тейлөө борборлоруна эл көп келип, ар дайым суроо-талап жогору болот. Буга байланыштуу операциялык зал жана күтүү залында борбордун жетекчилери кырдаалга байкоо салып, жарандарга консультациялык кызмат көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Калкты тейлөө борборундагы кардарлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат
Азыркы тапта Бишкектеги КТБлардын иштөө режимин саат 22:00гө чейин узартуу маселеси каралууда. Жакынкы күндөрү сынамык иретинде иштеп баштайт.
Мындан сырткары, башка мамлекеттик органдардын кызматтары кошулган универсалдуу сервистик борбор ачуу пландалууда. Бул дагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүүгө жасалган чоң кадам болору айтылат. Учурда КТБлар калкка кызматтын 36 түрүн көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0