Бишкек Россиянын компаниялары менен санариптик технология жаатында кызматташат

© пресс-служба мэрии города БишкекМэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Ростех" мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Андрей Осокин жана "Рособоронэкспорт" ишканасынын маркетингдик ишмердүүлүк боюнча жетектөөчү эксперти Сергей Рыжов менен жолугушуу учурунда
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Ростех мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Андрей Осокин жана Рособоронэкспорт ишканасынын маркетингдик ишмердүүлүк боюнча жетектөөчү эксперти Сергей Рыжов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Сүйлөшүүдө “Коопсуз шаар” системасын түзүү, экологияга зыяны аз автобустарды сатып алуу менен транспорт тармагын жакшыртуу маселелери талкууланды.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек шаары Россиянын мамлекеттик корпорациялары менен санариптик жана коммуникациялык технологиялар тармагында кызматташат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Ростех" мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Андрей Осокин жана "Рособоронэкспорт" ишканасынын маркетингдик ишмердүүлүк боюнча жетектөөчү эксперти Сергей Рыжов менен жолукканда айтылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча сөздөр айтылды.
“Санариптик жана коммуникациялык технологиялар жаатында "Коопсуз шаар" долбоорун куруу, ошондой эле шаардык транспорттук системаны экологиялык жактан зыянсыз, көп жүргүнчүлөрдү батыра алган автобустарды сатып алуу жолу менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Кудайбергенов шаар бийлиги тыгыз кызматташууга ниеттенген тараптарга эшигин кенен ачарын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0