Апкаарып калбаңыз! Суракка чакырылган адам эмнелерди билиши керек

© AP Photo / Maya AlleruzzoПриговоренный к смертной казни, Ахмед Ниджм
Приговоренный к смертной казни, Ахмед Ниджм - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Эркиндикте жүргөн адам күтүүсүздөн суракка чакырылып калса эмнелерди эске алуу керек, укуктары жана милдеттери кандай?
Тиешелүү мамлекеттик орган эркиндиктеги адамды күбө, жабырлануучу, шектүү же айыпталуучу катары кылмыш иши боюнча суракка чакыра алат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги КРдин Жазык-процесстик кодексиндеги сурак алуу боюнча тиешелүү мыйзамдарды (189-197-берене) карап чыгып, элге жөнөкөй тил менен түшүндүргөнгө аракет кылды. Материалды даярдоодо юристтен кеңеш алып, мурда-кийин сурак берген адам (аты аталбайт) менен да сүйлөштүк.

Суракка кагаз менен чакыртылат

Күбө, жабырлануучу, эркиндикте жүргөн шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы (повестка) менен чакыртылат. Чакыруу кагазында ким, эмне себептен, кимге, кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы, суракка келүүнүн убактысы жана адвокатты чакыруу укугу бар экендиги жазылат. Ошондой эле суракка себеби жок эле келбей коюунун кесепети көрсөтүлөт.
Күч түзүмүнүн өкүлү суракка чакырылган адамга кагазды алып барып берип, "алдым, барам" дедиртип колун койдуруп алат. Чакырылган киши жок болсо кагаз үй-бүлөсүндөгү жашы жеткен адамга кол койдуруп алуу менен тапшырылат.

Жашы жете электер, мөөнөттөгү аскерлер кантип чакырылат 

Руководитель Ассоциации юридических клиник Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Радио
Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши

Жашы жете элек күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү кошо чакыртылат. Алар жок болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери болушу керек. Ошондой жашы жете электерди суракка алууда психолог же педагог да катышат.

Мөөнөттүү кызматтын жоокерлери көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.

Суракка келбей койсо эмне болот?

Суракка чакырылган адам дайындалган мөөнөткө келе албай турган болсо, себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдириши керек. Эч себепсиз келбей койсо, мажбурланып (кармалып) алып келиниши мүмкүн.

Суракты сөзсүз мекемеге барып берүү керекпи?

Адатта сурак сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жерде болот. Дистанттык формадагы сурак адамдын ден соолугуна байланыштуу же башка жүйөлүү себеп менен түздөн-түз келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жүргүзүлөт.

Сурак канча убакытка созулат?

Судья Азизбек Досмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2020
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот

Суракка алуу 4 сааттан ашык тынымсыз жүргүзүлбөшү керек. Ортодо эс алууга жана тамак ичүүгө бир саатка тыныгуу берилип, сурак кайра 4 саатка улантылышы мүмкүн. Күн ичинде суракка алуунун жалпы узактыгы 8 сааттан ашпоого тийиш.

Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда суракка алуунун узактыгы дарыгердин корутундусунун негизинде белгиленет.

Каалаган тилде сурак берүүгө болот

Суралып жаткан адам кайсы тилде көрсөтмө бере алары башында аныкталат. Зарыл учурда котормочу оозеки котормо жүргүзөт.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди суракка алуу
Дудук же дүлөй кишини суракка алууда сурдокотормочу жардамга келет. Адамдын психикалык же башка катуу оорусу болсо сурак дарыгердин уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.

Жалган маалымат берүүгө болбойт

Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адам көрсөтмө берүүдөн баш тартса, четтей турган болсо же билип туруп жалган көрсөтмө берсе жазык жоопкерчилигине тартылат.

Суроолор так берилип, кыйноо болбошу керек

Документ окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2020
Адвокаттык лицензия алуу үчүн экзамен тапшырган 27 юристтин 16сы кулап калды

Тергөөчү берген суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска берилип, тергөөчүнүн жеке ырастоосу менен баамдоосун камтыбашы керек. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка нерселер болбошу шарт. Мыйзамсыз аракеттерге барган тергөөчү жоопкерчиликке тартылат.

Киши жалгыз суралат

Бир жазык иши же жорук боюнча чакырылган адамдар бөлөк-бөлөк суракка алынат. Мында тергөөчү жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алар сурак жүргүзгөнгө чейин иш боюнча өз ара пикир алышпоосу үчүн чара колдонот.

Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби

Бир эле иш боюнча чакырылган күбө менен жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулардын өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.

Сурак маалында жазса болот

Абактын терезеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши көз жумду. Ишти УКМК иликтейт

Эгерде көрсөтмөдө айрым сандарды жана маалыматтарды эстеп калуу кыйын болсо суралып жаткан адам жазууну колдонуп, документтерди карай алат. Ошондой эле суралып жаткан адамдын схема, чийме, сүрөт, диаграммаларды колдонушуна жол берилет.

Сурак кандай жүргөнү айтылбайт
Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган көрсөтмөлөрдү жайылтпоо жөнүндө суракка алынган адамдан кол койдуруп алууга укугу бар.

Кайрадан суракка чакырылышы мүмкүнбү?

  • Зарыл болгон учурларда кошумча же кайталап суракка алуу болот. Ал төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
  • суракка алынган адам көрсөтмөнү толук бергенге жетишпей калса;
  • суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн толуктоону же өзгөртүүнү каалагандыгын билдирсе;
  • иштин шарттары боюнча көрсөтмөлөрдү тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыкса;
  • кылмыш ишинде олуттуу жаңы маселелер келип чыкса;
  • суракка чакырылган адам биринчи берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан учурда.

Сурактын жүрүшү

Биринчи сурактын протоколунда суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, анын ичинде аты-жөнү, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, билими, үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы, иштеген жери, иши же кызмат орду, жашаган жери жана башка зарыл болушу мүмкүн болгон маалыматтар камтылат. Ошондой эле мурда соттолгон-соттолбогону көрсөтүлөт.
Алгач суралып жаткан адам белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө айтып берет. Эгерде ишке такыр эле тиешеси жок маалыматтар жөнүндө айтса, ага бул тууралуу эскертүү берилет.
20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды
Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Ошондой эле суралып жаткан адам көрсөтмөсүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Ага кол койгондон кийин кошумча суроолор берилиши мүмкүн. Багыттама бергенге тыюу салынат. Көрсөтмөлөр суралып жаткан адамдан сөзмө-сөз жазылып алынат.
Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

Суракта үн жана видео жазууну колдонуу

Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн жана видео жазуу ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн.
Аудио же видео жазып алууларды колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат:
  • жашы жете электерди;
  • суракка алуунун протоколундагы өз көрсөтмөлөрүнүн жазууларын окуй ала турган абалда болбогон азиз, сабатсыз, билими аздарды;
  • котормочу аркылуу суракка алынган адамдарды;
  • өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иш боюнча айыпталуучуларды;
  • эксперт-психиатрлар тарабынан изилдөөгө муктаж адамдарды;
  • шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүдө.
Сурак бере турчу кишиге үн жана видео жазып алуулар жүргүзүлө турганы башында эскертилип, бүткөндөн кийин уктурулат. Аудио менен тасмада сурактагы бардык маалыматтар чагылдырылууга тийиш.

Беттештирүү

Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктары бар мурда суралган эки адамды беттештирүүгө укуктуу.
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Радио
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Беттештирүүгө эксперт, жактоочу, педагог, психолог, врач, котормочу жана суракка алынуучунун мыйзамдуу өкүлү катыша алат.
Беттештирүүдө суракка алынуучулардын бирөөсүнүн эле жашы жете элек болсо ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү катышат. Ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакыртылат. Жашы жете элек күбөнүн же 14 жашка чейинки курактагы жабырлануучунун катышуусу менен беттештирүү жүргүзүүгө психолог же педагог да келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0