Салык кызматы жер семирткич, канаттуу этин мыйзамсыз ташыгандарды аныктады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү канаттуу эти. Архив
Дүкөндөгү канаттуу эти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товар ташууга салык органынын уруксат берген маалым каты болгон эмес.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товар ташып кирүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мыйзам бузуу фактылары чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктуларында катталган.
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунан 40 тонна аммофос (жер семирткич), 20 тонна суу эмульсиясы, 19 тонна чала фабрикат, 20 тонна тоок этинен жасалган фарш, 20 тонна канаттуунун этин алып өтүү аракети аныкталды. "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 70 куб метр пиломатериалдын, "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда 20 тонна полиэтилендин мыйзамсыз ташылып кирүүсү катталды", — деп айтылат маалыматта.
Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товарды ташууга уруксат берген салык органынын маалым каты жок экени айтылды.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдар чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0