Бир суткада 54 кишиден COVID аныкталып, өлүм учуру катталган жок

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүОорукананын медиктери иш учурунда. Архив
Оорукананын медиктери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Кечээтен бери өлкөдө бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес. Буга чейин дарыланып жаткан төрт ак халатчан ооруну жеңди.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кечээтен бери өлкөдө 54 кишиден коронавирус табылып, 57 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 26;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 5;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.
Ушуну менен COVID аныкталган адамдардын жалпы саны 86 410го жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек – 27;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2.
Өлкөдө жалпы 83 375 бейтап дартты жеңген.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган эмес. Азыркы тапта 368 бейтаптын стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 98и оор абалда болсо, 17 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Кечээтен бери бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес. Буга чейин дарыланып жаткан төрт ак халатчан ооруну жеңди.
Жаңылыктар түрмөгү
0