Ден соолукка пайдалуу шорпо аталды

© Фото / Pixabay / congerdesignЖасмык шорпосу. Архив
Жасмык шорпосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Адис белоктуу гана эмес клетчаткалуу шорпо даярдоо үчүн жашылчаларды кошуу керектигин айткан. Маселен, жасмык менен эт экөө тең белок болуп саналат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жасмыктан жасалган шорпо ден соолукка өтө пайдалуу болуп эсептелерин РИА Новости жазды.
Диетолог Ольга Деккер жасмык шорпосу белокко бай экенин белгилеген.
"Жасмыкта 12 амин кычкылдыктары бар. Шорподо өсүмдүк белогунан тышкары малдын белогу болсун дегендер эт кошсо болот, ашыктык кылбайт. Бул шорпо клетчаткага да бай болгондуктан ден соолукту чыңдайм дегендер ичиши керек", — деген ал.
Ошондой эле эт, жашылчанын түрү менен кайнатылган шорпо да абдан пайдалуу болуп саналат. Эттин өзүнө караганда жашылча аралаштырса белоктуу жана клетчаткалуу шорпо болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0