Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖемиш себети. Архив
Жемиш себети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Америкалык окумуштуулар жүз миңден ашуун кишинин тамактануусуна байкоо салып, өнөкөт оорулары менен эрте өлүм тобокелдигин эмнелер азайта аларына кызыгышкан.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ден соолукта болом дегендер күн сайын эки порция жемиш жана үч порция жашылча жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости америкалык диетологдорго таянуу менен жазды.
АКШ адистери жүрөк-кан тамыр оорулары жана ракты алдын алуу максатында туура тамактануунун сунуштарын иштеп чыккан.
Авторлор жүз миңден ашуун киши катышкан 1984-жылы жана 2014-жылы жүргүзүлгөн эки изилдөөнү анализдеп көрүшкөн. Анда ар үч-төрт жыл сайын катышуучулардын тамактануусу тууралуу маалымат чогултуп турушкан.
"Бардык изилдөөнүн жыйынтыгы жашылча менен мөмө-жемиштерди көп жеген адамдар өнөкөт ооруларга, анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ракка аз чалдыгарын көрсөткөн. Бул оорулар өлүмдү эрте чакырары белгилүү. Адамга бул азыктардын беш порциясы гана жетет, ушул ченем көбүрөөк пайдалуу. Андан ашырып кереги жок", — деген окумуштуулар.
Шире. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Таң атпай ачкарын жегенге болбой турган азыктар. Адистин кеңеши
Ошол эле учурда адистер бардык эле жашылча менен жемиштердин пайдасы жок экенин айткан. Маселен, крахмалы көп картошка, буурчак жана кукуруза, ошондой эле мөмөдөн даярдалган ширелер өнөкөт оорулар менен өлүм тобокелдигин азайта албайт.
Жашыл жалбырактуу жашылчалар, анын ичинде шпинат, капуста, мындан сырткары, бета-каротин менен С витаминине бай сабиз, цитрус өсүмдүктөрү, мөмөлөр ден соолукка пайдалуу болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0