Уролог: эркектер дарыгерге убагында көрүнбөй, үй-бүлө бузулуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Адис бөйрөк оорулары, табарсык, простата безинин, жыныс органдарынын сезгениши тукумсуздукту пайда кыларын айтып, мындан улам жаштар арасында 20-30 пайызынын потенциясы болбой калганына токтолгон.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Пандемиядан улам убагында дарыланбай, дартын өнөкөткө айлантып алгандар көп болуп жатат. Жыныс оорулары да күчөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып айткан.
Адис мунун натыйжасында жаштардын уругунун жарамдуулугу менен потенциясы төмөндөп, бул өз кезегинде үй-бүлөнүн бузулушу өңдүү социалдык маселелерди жаратып жатканына токтолгон.
"Бөйрөк оорулары, табарсык, простата безинин, жыныс органдарынын сезгениши тукумсуздукту шарттайт. Ушундан улам жаштар арасында 20-30 пайызынын потенциясы болбой калган. Өлкөдө кыз киши менен эркек балдарга кичинесинен өзүн карап жүрүүнү, ден соолугуна кам көрүүнү үйрөткөн система жок. Үй-бүлөдө да сызга отурба, мындай кийим кий, андай тамак болбойт деген өңдүү маалыматтар аз. Ошону менен бирге үй-бүлө мүчөлөрү жыл сайын ооруканага көрүнүп, текшерилип турушу керек. Ушул жол менен көп оорунун алдын алууга болот", — деген уролог.
Дарыгер бейтаптардын көбү дарылануу кымбат деп ойлоп, дарыгерге кайрылбай жүрө берерин айткан.
Балага сүннөт жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн
"Урология борборунда бардык дары-дармек жетиштүү. Бизде жок кээ бир препараттарды гана бейтаптар өздөрү сатып алат. Ташты талкалоо өңдүү жогорку технологиядагы операцияларга, эндоскопиялык операцияларга анча-мынча тыйын төлөйт. Бирок акчасы жеке менчик ооруканалардай эмес. Алардын дарылоосу бүтүндөй акча менен болгондуктан эл деле көтөрө албайт", — деген Усупбаев.
Уролог учурда Урология илимий борбору толук кандуу иштеп баштаганын айтып, калкты медиктерге убагында кайрылууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0