ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0