Бир суткада 44 адам коронавирус жуктуруп, бир бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Кечээтен бери өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 16;
  • Ош – 5;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 5.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 229га жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек – 21;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 18;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1.
Ооруну жеңгендердин жалпы саны 83 179га чамалап калганы айтылды.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө
Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте бир адам акка моюн сунган. Аны кошкондо жалпы 1 464 бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарларда 364 бейтап дарыланып жатканы маалым болду. Анын ичинен 92 адамдын абалы оор болсо, 16сынын абалы өтө оор деп бааланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0