13:27 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Коом
Кыскача шилтеме алуу
812 0 0

Жаздын алгачкы үч күнүндө көпчүлүк аймактарда күн чайыттай ачылат, ал эми 4-марттан тарта абанын температурасы төмөндөй турганы айтылат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, жаздын алгачкы күндөрү абанын температурасы жылый баштайт. Борбор калаа Бишкекте дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин күн ачык болот. Ал эми бейшембиде түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз кайра басылат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

1-2-март күндөрү жана 3-март түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир жерлерде жаан жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймагында 1-2-мартта күн ачык бойдон турат. Бирок 3-мартта күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

Ысык-Көл облусу

1-3-март күндөрү жаан-чачын болбойт. Ал эми 4-мартта күндүн көзү бузулуп, кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

Нарын облусу

Жаздын алгачкы күнүнөн 3-мартка чейин күн ачык болот. 4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал.

Өлкө боюнча 5-6-мартка карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз басылат. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Тема боюнча

Жаз кандай башталат? Мартка карата аба ырайы
Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы, кар, жамгыр, аймак

ЭҢ МААНИЛҮҮ