Артынан 3 жыл чуркадым. Памирлик Абдулвакил кыргызстандык кызга үйлөндү

© Фото / предоставлено Абдувакилом Турдахун уулуПамирский кыргыз Абдувакил Турдахун уулу
Памирский кыргыз Абдувакил Турдахун уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Учурда памирлик боордош Ош мамлекеттик университетинде англис тили жана маданият факультетинде 3-курста окуп жатат.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Нарынга көчүп келген памирлик кыргыз Абдулвакил Турдахун уулу кыргызстандык кызга үйлөндү.
Алар былтыр жазында баш кошушканы белгилүү болду. Жолдун алыстыгынан жана карантинге байланыштуу ата-энелери келе алган эмес. Андыктан чакан гана той өткөрүшкөнүн айтат.
"Келинчегимди бир көрүп жактырып, үйлөнүү үчүн үч жыл артынан жүрдүм. Ата-энемдин уруксатын алуу үчүн Памирге барып алардын батасын алып келдим. Андан соң кайын-журтумдун алдынан өтүп, бул жактын салты менен үйлөндүм. Албетте, эки тарап тең чочулады. Менин туугандарым "ал жакта үйлөнүп алып кайра тез эле ажырашып кетет экен" дешти. Мен андай эмес экенин түшүндүрдүм. Келинчегимдин ата-энеси болсо "Памирге алып кетип калба" деп кооптонду", — деди Турдахун уулу.
Учурда памирлик боордош Ош мамлекеттик университетинде англис тили жана маданият факультетинде 3-курста окуп жатат.
Тамгадан сөз кураларын билбептирмин... Памирлик жигиттин таасирдүү баяны 72/90 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Тамгадан сөз кураларын билбептирмин... Памирлик жигиттин таасирдүү баяны
Турдакун уулу келинчеги тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Мындан улам жубайынын аты-жөнүн атабай маек алууга мүмкүн болду.
"Алгачкы жолу жолдошумду интервью алып жатып көргөм. Кийин Facebook тармагынан достук жөнөттү. Жазышып жүрүп, бир күнү жолугушууну сунуш кылды. Сүйлөшүп отуруп өзүн алып жүргөнү, сүйлөгөндөрү, ар тараптуу темаларда түшүнүгүнүн кенендиги жакты. Дагы бир мен баалаган сапаты аялзатына болгон көз карашы болду. Мисалы, "аял киши иштесе өзү үчүн иштесин, өз жанын кыйнап иштөө аял кишиге жарашпайт. Аялды багуу эркек кишинин милдети" деген түшүнүктөрү ынандырды", — деди жубайы.
Памирлик боордоштун атасы Турдахун Атабеков Афганистандын парламентинин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Кыргызстанга бир нече жолу келип, Памир кыргыздарын көчүрүп келүү үчүн кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адамдардын бири. 2016-жылы көзү өтүп кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0